Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азот жер семирткичи

Баш барак | Органикалык химия | Азот жер семирткичи

Азот жер семирткичи — өсүмдүктү азот менен азыктандыруучу минерал жана органикалык заттар. Мындай түрдөгү жер семирткичтер органикалык (кык, чым көң, компост), минерал (аммиак селитрасы, аммоний сульфаты, мочевина жана суулуу аммиак) жана көк жер семирткич (люпин, сераделла ж. башканын көк массасы) болуп бөлүнөт.

Булар — эгилме өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуунун натыйжалуу каражаты. Өсүмдүк көбүнчө азоттун минерал бирикмелери, негизинен аммоний туздары жана нитраттар менен азыктанат.

Азот жер семирткичи аммиак, аммиак-нитрат, нитрат же амид түрүндө болуп, өсүмдүккө оңой сиңет жана анын өсүшүн тездетет. Аммиак жер семирткичтерине аммоний сульфаты, хлордуу аммоний, аммоний бикарбонаты, суусуз аммиак, суулуу аммиак, аммиакаттар кирет. Күкүрт кычкыл аммонийдин аммиак азоту нитрат азотуна караганда топуракта жакшы кармалат. Хлордуу аммоний да кычкылдуу, аны акиленген топуракта пайдаланган дурус. Аммиак түрүндөгү азот жер семирткичинин ичинен суюк азот жер семирткичтер чоң мааниге ээ.

Аммиак-нитрат жер семирткичтери: аммиак селитрасы (аммоний нитраты, азот кычкыл аммоний) жана аммоний сульфонитраты. Аммиак селитрасы бүртүктөлгөн түрдө чыгарылат; топуракты бир аз кычкылдантат. Аммоний сульфонитратынын таасири аммоний сульфатыныкына окшош, кычкылдуулугу жогору. Нитрат жер семирткичтери: натрий селитрасы, кальций селитрасы, калий селитрасы. Булар жегичтүү жер семирткичтер. Азоттун нитрат түрү топуракка сиңбейт, ным менен кошо топурак профилинде жылып жүрөт.

Амид жер семирткичтер: мочевина (карбамид), мочевина-формальдегид жер семирткичтерине таандык. Мочевина — азот жер семирткичинин үнөмдүү түрү. Натыйжалуулугу болжолдуу аммиак селитрасы менен бирдей. Мочевина-формальдегид жер семирткичтери көпкө сакталат, нымдуу жана сугат жерлерде колдонгон жакшы. Азот жер семирткичин пайдалануу нормасы өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө, климат жана топурак шартына, жана башкага жараша болот.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-11-19, Көрүүлөр: 180, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо