Азот

Окумуштуулар мындан эки жүз жылдай мурда атмосферада дем алууга жараксыз жана күйүүгө көмөктөшпөөчү газ бар экендигин ачышкан. Аны "азот" (деп аташкан, грекчеден которгондо "тиричиликке жарамсыз" деген маанини түшүндүрөт). Атмосферанын 4төн 3кө жакын бөлүгү ушул газдан турат. Кадимки лабораториялык шартта азот башка элементтер менен биригүүнү "каалабады". Ошондой болсо да көп узабай эле табиятта азот башка элементтер менен биригип, мисалы, селитра пайда кылары белгилүү болду. Анын бул касиети илгертеден эле белгилүү болуп, жер семирткич катары колдонулган.

Ушундан улам ал латынча "нитрогениум" деп аталып, "селитра пайда кылгыч" дегенди түшүндүргөн. Ошондой болсо да атмосферадагы азот башка заттар менен кандайча биригет? Биринчиден, добул мезгилинде. Чагылган көз ирмемге абанын температурасын өтө жогорулатканда, азоттун молекулалары бул жерде дароо кычкылтек, суутек жана башка элементтердин молекулалары менен бириге баштайт. Жамгыр бул бирикмени эритип, топуракка сиңирет. Экинчиден (табиятта бул жол да маанилүү), топурактагы бактериялардын айрым түрлөрү азотко муктаж. Өсүмдүк менен жаныбарлардан айырмаланып, мындай бактериялар азотту абадан эле сиңирип алып, алардын организминдеги башка заттар менен биригет.

Азоттун топурактагы запасы ушундайча пайда болот. Азот белок түзүүчү заттардын курамына кирет. Ал эми белоктор - бардык тиричиликтин: бактериялардын да, өсүмдүктөрдүн да, жаныбарлардын да, адамдын да жашоосунун негизи. Демек, жерде азотсуз тиричиликтин болушу мүмкүн эмес. Өсүмдүктөр топурактан азоттуу бирикмелерге бай азык заттарды алып, күн нурунун жардамы менен жаңы клеткаларды пайда кылат. Чөп менен азыктануучу жаныбарлар чөп жана жалбырактарды жеп, алардан жашоосу үчүн зарыл болгон азотту алат. Жырткычтар чөп менен азыктануучу жаныбарларга ууга чыгып, алардын этин жейт - бул алардын азот алуу ыкмасы болуп калат. Жаныбар же өсүмдүк өлүп чиригенде, азот кайрадан топуракка өтүп, бардыгы кайрадан башталат. Ал эми адам отунду күйгүзгөндө, андагы азот топуракка эмес, түздөн-түз атмосферага өтөт. Табиятта азоттун туруктуу айланышы ушундайча жузөгө ашат. Азот бирикмелери жер семирткич катары эмес, дары-дармек, жарылгыч зат, сыр, боёк, лак жана башкаларды жасоо үчүн да пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)