Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Азобирикмелер

Азобирикмелер – мол-сында - N = N – тобу ар түрдүү же окшош радикал менен байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы: RN = NR. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси алифаттык же гетероцикл кармаган азобирикмелер түрлөрү белгилүү. Эки радикалы тең ароматтык болгон А. кеңири таралган. А-ди алуу ыкмалары: диазоний туздары ароматтык амин - же фенолдор менен реакцияга киришинен:

ArN2CI + HC6H4OHgAr-N=N-C6H4OH + +HCI,

Негиздер чөйрөсүндө нитробирикмени металлдар (Zn, Fe) менен калыбына келтирүү:

2RNO2 + 4H2gR-N=N-R + 4H2O,

Биринчилик аминди гипохлорит же перманганат менен окистендирүү:

O2gR–N=N–R + 2H2O,

ж. б. Ароматтык А. түстүү катуу заттар. Түс азо тобунун хромофордук касиетине, радикалдын түрлөрүнө жана орун алмашуучулардын мүнөзүнө жана санына байланыштуу. Карбоксил жана сульфо-тобун кармаган А. сууда, спиртте, эфирде, бензолдо эрийт. А. негизинен булаларды (өсүмдүк жана жаныбар булаларын) боёодо колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)