Азия

"Азия" деген сөз "чыгыш" (байыркы ассирия тилинде асу - күндүн чыгышы) дегенди түшүндүрөт. Евразия материгинин курамына кирүүчү жер шарынын бир бөлүгү. Азия менен Европанын кургактагы чек арасы Урал тоолору, Эмба жана Мангыч дарыялары аркылуу өтөт. Азиянын калкы өтө көп: жер бетиндеги калктын жарымы азияда жашайт. Азия бардык кургак жердин үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Азиянын аянтынын төртөн үч бөлүгүн тоо жана бөксө тоолор ээлегени менен анда ири түздүктөр да, деңиз деңгээлинен төмөн жаткан ойдуңдар да бар. Бирок Азия бүткүл кургак жердин эң бийик бөлүгү. Анын борборунда Тибет тайпак тоосу жайгашкан. Анын түштүк жак четинде жер шарындагы эң бийик тоо - Гималай орун алган. Азиянын эң түштүк чекити жер шарын түндүк жана түштүк, эки жарым шарга бөлүүчү шарттуу сызык - экваторго жакын жайгашкан.

Ал эми эң түндүк чекити - Түндүк Муз океанынын жээгинде. Азиянын түндүгү - тундрада жылдын көп мезгилинде кар жатат, бурганак ойнойт, муздак шамал тынымсыз согуп турат, уюл жаркыроосу мүнөздүү. Материктин өтө көп бөлүгүн ийне жалбырактуу чытырман токой-тайга, жарым чөлдөр менен чөлдөр ээлейт. Борбордук Азияны курчап жаткан бийик тоолор түндүктөн соккон муздак шамалдан Азиянын түштүгүн тосуп турат. Анын түштүк жээктерин жылуу Инди океаны чулгап жатат. Бул жер абдан ысык болгондуктан кыш болбойт, көп жерине жыл бою жамгыр жаагандыктан, чытырман токою дайыма көк-жашыл болуп турат. Ал жунгли деп аталат. Азиянын чыгышы Тынч океанга барып такалат. Бул жерде жанар тоодон пайда болгон аралдар көп, терең ойдуңдар да бар.

Мисалы, Мариана ойдуңунун эң терең жери - 11 км. Азиянын чыгыш жээгинде жана аралдарында көп учурда жер титиреп, жанар тоо атылып турат. Океанда өтө коркунучтуу катуу бороон - тайфун пайда болуп, ал тоодой толкундарды үйрүп чыгарат. Тайфун кургак жерде укмуштуудай ылдамдыкта жүргөндүктөн жолундагынын баарын шыпырып, нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат. Азиянын батышын жер ортолук деңизи чулгайт. Анын жээги жайында ысык, кышында жылуу жана нымдуу келет. Бул жерде пальма, апельсин жана лимон дарактары, жүзүм өсөт. Азияда жыл бою суусу мол дарыялар көп, Жер шарындагы эң чоң көл - Каспий, дүйнөдөгү эң терең көл - Байкал да мына ушу жерде. Азиядагы суулар негизинен тоо мөңгүлөрүнүн эришинен башталат. Материктин түндүк-чыгышында, Верхоянск жана Оймякон аймагында түндүк жарым шардагы эң суук жер - сууктун уюлу бар. Түштүгүндө болсо Гималайга жакын жерде, жер шарынын эң нымдуу жери - Черапунжи жайгашкан. Бул жерге жамгыр өтө көп жаайт. Эгерде жыл бою жааган жамгырды чогултса, ал төрт кабат үйдү жайпап кетмек. Азияда пайдалуу кең байлыктар, айрыкча газ, таш көмүр жана түстүү металлдар көп.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)