Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ажырашуунун себеби

Бир жолу Апендини сотко чакыртыптыр. Апенди эч нерсе оюнда жок, кийинип алып сотко барса, сот айтат: - Аялың ажырашам дейт, - деп. - Эмнеге? - деп, Апенди делдейе түшөт. - Аялыңдын айтымына караганда, сен эки жумадан бери сөз сүйлөбөйт экенсиң. Шарият боюнча эрди-катындын бири дудук болсо, экинчиси ажырашууга акылуу, - дейт сот. - А эрди-катындын бири сүйлөөк, тилдүү болсочу? Анда беркиси ажырашса болобу шариятта? Үйлөнгөнүбүзгө он беш жыл болду, ошо он беш жыл бою аялым мени ооз ачырбай сүйлөп эле келатат-сүйлөп эле келатат...

- дептир Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)