Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ажырашуу

Ажырашуу — никени бузуп, башын бошотуу. Кыргыз коомунда өткөн доорлордо ажырашууга эркек гана демилгечи боло алган. Аялдар ага укуксуз болгон, айрым учурларда гана аялдар демилгеси менен ажырашуу ишке ашкан. Ага калыңды кайтарып берүүнүн милдеттүүлүгү да тоскоолдук кылган. Ажырашууну адат боюнча бийлер соту ишке ашырган. Тарыхый маалыматтар боюнча эки куда учтары - нан кармап турган чырпыкты кыя чабуу ажырашууну «каттаган» акты болгон. Кыргыз коомунда ислам дини үстөмдүк кылып, үй-бүлө мамилелери шариат боюнча жөнгө салына баштагандан тартып, ажырашуу эркектин «талак» айтуусу менен ишке ашырыла баштайт. Аял менен толук ажырашуу үчүн үч жолу «талак» айтуу жетиштүү болгон. Кайрадан баш кошуу аялды кемсинткен абалда ишке ашырылган. Ал үчүн күйөөсү башка аялга үйлөнүп кайра ажырашуусу же аялга башка күйөөгө чыгып кайра ажырашуусу зарыл болгон

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)