Ажо

Ажо — кытай булактарында эскерилген орто кылымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик титулу. Айрым синологдор ажону «ажэ» деп чечмелешип, ал монгол доорундагы кыргыз журт башчыларынын өкүмдарлык титулу «инал» маанисин туюнтат деп эсептешет. Ажонун башкаруу бийлик мерчеми 9-кылымдын баш ченинен 847-ж. аралыгын камтыйт. Буга чейин жана андан кийинки мезгилди баяндаган кытай жазма булактарында «ажо» аталышы кездешпейт. Кыязы, ушул кыска аралыкта Кыргыз мамлекетинин тышкы саясий даражасын даңазалатып, жакынкы коңшу өлкөлөр аны менен эсептешкидей абалга жеткирген өкүмдарды калк кадырлап, «ажо» деп атаса керек. Ажо кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кырбусу кайрылып, жээги алтын менен кыргакталган баш кийим кийген. Ал Кыргыз мамлекетин ийкем жетектеп, бирден-бир душманы болгон Уйгур кагандыгынын бийлигинен куткарган. Уйгурлардын алсырап баратканын сезген ажо өзүн каган, түргөш тектүү жесир энесин — ханыша, насили карлук аялын — ханайым деп жарыялаган. Буга каарданган уйгур каганы кыргыздарга каршы ийгиликсиз аяктаган жортуул уюштурган жана бул эки мамлекеттин ортосундагы согуш 20 жылга жакын созулган. 840-ж. Ажо 100 миңдей аскерин баштап, Уйгур кагандыгын басып алган. Ошол мезгилде Кыргыз мамлекетинин күч-кубаты артып, анын аскерлери чыгыш Маньчжурия, батыш Теңир-Тоого чейин жеткен. Кыргыз калкынын бир бөлүгү батышка оогон жана алар кийин азыркы кыргыз этносун түптөөгө негиз болушкан. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок» деген ылакап кеп ошол замандан калган болсо керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)