Азербайжан

Түнүчүндө Бакуга келе жаткан теплоходдун палубасынан деңизде жыбыраган оттор, андан соң, мунаралар, күмүштөй жалтыраган зор бактар, толкундуу дениздеги тирөөчтөрдүн үстүнө салынгал эки кабат үйлөр көрүнөт. Бул Нефтяные Камни - деген шаарча. Мындагы кайраттуу адамдар Каспий деңизинин түбүнөн нефть алышат. Азербайжандын негизги нефть өндүрүшү Апшерон жарым аралында жайгашкан. Бакунун айланасынан нефть илгертеден бери алынып келген. Бакунун түндүк чыгыш бөлүгү Октябрь революциясына чейин Кара шаар деп аталуучу, анткени анын нефть сиңген жери да, заводдордун түтүнү менен көөсүнө ышталган асман да капкара болуп туруучу. Ар жерде соройгон нефть мунаралары, ийри-муйру көчөлөр, караңгы үйлөр, жумушчу казармалары, ылайдан согулган кепелер боло турган. Шаардын борборунда гана кооз имарат бар эле. Эски Баку азыр жок. Калкы миллиондон ашкан азыркы шаар бак-даракка бөлөнгөн, асманы кашкайып тунук, деңизи мелтиреп көпкөк, жаңы кварталдарында заңкайган үйлөр. Бүгүн Баку - Азербайжандын эң ири өнөр жай, илимий жана маданий борбору. Мында көптөгөн ири заводдор, республиканын Илимдер Академиясы, университет, консерватория, институттар, театрлар жана музейлер бар. Азыр Азербайжандын даңкын жалгыз эле нефть чыгарып жаткан жок. Республикада газ жана темир казылып алынат, болот эритилип, алюминий алынат, түтүк, машина жана станоктор жасалат, подшипниктер, синтездик каучук, автомобиль шиналары, пластмасса, минералдык жер семирткичтер өндүрүлөт.

Ири заводдордун айланасында жаңы шаарлар өсүүдө. Кең ойдуң жана Кавказ тоолорун аралап Кура дарыясы агат. Дарыянын деңгээлиндеги чөбү буралган шалбааларда кой-эчкилер, уй-буйволдор жана зебулар (өркөчтүү топоздор) жайылып жүрөт. Кура дарыясына Араке суусу куят. Кура - Араке ойдуңунун климаты ысык. Күн сейрек жаайт, айдалган өсүмдүктөргө ным жетишпейт. Азербайжандыктар чаңкаган талааны сугаруу үчүн көп күч жумшады.

Азыр ойдуңду аралап баратсаң суу сактагычтарга жана сугат каналдарына чагылган күндүн нуру көздү уялтат. Кечээки какыраган чөл азыр азербайжандын атактуу килеминдей кызыл-тазыл болуп кулпуруп турат. Сугат жерге пахта, буудай, жүгөрү жакшы өсөт. Бул күнөстүү өлкөдө жүзүм, чай, тамеки, мандарин өтө көп. Жибекчилик өнүккөн. Азербайжандын багбандары анар, бий алма, шабдаалы, анжир жана алчаларды абдан көп өстүрүшөт. Бакуга жакын какыраган талаага металлургдар менен химиктердин шаары - Сумгаитти курушкан. Сумгаиттин түтүк жасоочу заводу бүткүл Закавказьенин нефть жана газ өнөр жайын түтүк менен жабдыйт.

Балыкчылардын кыштагы Мингечаур шаарга айланган. Шаарга жакын жердеги бийик плотина Кура дарыясын тосуп, Мингечаур суу сактагычын пайда кылды. Анын суусу сугатка жана электр станциясын иштетүүгө пайдаланылат. Азербайжандар талантуу эл. Азербайжан композиторлорунун чыгармаларын республиканын элдеринен башкалар да жакшы билишет. Республиканын акын-жазуучуларынын китептери биздин өлкөдө да кеңири белгилүү.

Өлкөнүн окумуштуулары да илимге өз салымдарын кошуп жатышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)