Азамат

Падыша, падышанын жан-жөкөрлөрү менен кошулуп, Апенди да мергенчиликке чыгат. Бир маалда алдыдан элик качып чыгат. Падыша жаасын тартып шуу этип атса, быйт этип тийбей калат. Апенди: - Аз-замаат! - деп, кыйкырып жиберет. Падыша жини кайнап: - Э-эмне дедииң?! Мазактаар кишиң менби сага?!

- деп. - Жо, сизди эмес, мен эликти «азамат» дедим - деп, Апенди сөз таап кеткен экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)