Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Автотрофтор

Автотрофтуу организмдер, автотрофтор (авто жана гр. trophe — тамак) — тиричилик үчүн зарыл болгон органикалык заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдердин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр.

Фотосинтездөөчүлөр жө фототрофтуу организмдер органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газынан жана суудан) органикалык заттарды түзүүдө күндүн нурунун энергиясын пайдаланышат. Күндүн энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды синтездеө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат.

Фотосинтездөөчүлөргө татаал тузулуштуу өсүмдүктөр (мите жана сапрофиттерден башкасы), балырлар жана түстүү бактериялар кирет.

Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездөөдө химиялык реакцияларда бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез). Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу темир, күкүрт бактериялары, нитрификациялоочу жана азот топтогуч бактериялар кирет. Автотрофтуу организмдердин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)