Автомобиль (авто унаа)

Адамдар байыртадан эле ат чегилбей өзү жүрүүчү араба жасоого умтулган. Эмнелерди гана ойлоп табышпаган: рычаг, тээк, тиштүү дөңгөлөк... Ал түгүл арабага парус да орнотушкан. 1770-жылы француз инженеры Кюньо арабага ат ордуна буу машинасын чегүүнү чечкен. Аны "автомобиль" ("өзү жүрмө") деген ат менен атаган. Шаардын көчөсүндө ушундай араба жүрүп келе жатат дейли, анын тумшугуна жез казан илинген, андан кийинки орундукта отурган айдоочу рулду оңго, солго бурууда. Бир аз жүргөндөн кийин ал токтоп калат. Бул казандагы буунун түгөнгөнү. Буу болбосо машина иштебейт, дөңгөлөк жыл байт. Айдоочуга арабадан түшүп, от жагып, казандагы сууну ысытууга туура келет. Анткени ал бекеринен "шофёр" - французча "от жаккыч" деп аталган эмес. Англичандар болсо буу машинасын каретага чегип, жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырган да, калдырап-шалдырап, кернейинен түтүн уюлгуган эпсиз чоң араба буу автобусу ойлоп чыгарган.

Казан ашыкча буу басымынан жарылып кетме коркунучуна ээ болгондуктан аны менен жол жүрүү бир кыйла ыңгайсыз болгон. Кийинчерээк буу машинасы бензин менен кыймылга келтирилүүчү кыймылдаткыч (мотор) менен алмашылды. 1886-жылы немец механиги Карл Бенц моторду жүргүнчүлөрдү ташуучу арабага ыңгайлаштырып жасады. Бул экипаж бензин менен иштөөчү туңгуч автомобиль эле. Жылдан-жылга бензин менен иштөөчү автомобиль көбөйө берди. Алардын сырткы түрү өзгөрдү, конструкциясы жакшырды, жүрүү ылдамдыгы артты. Бирок автомобилдин моторлуу арабасы гана өзгөрүүсүз калды. Адегенде ал жүргүнчү ташууга гана арналса, кийин ал жүк ташууга да пайдаланыла баштаган. Ошентип автомобилдин үч түрү: жеңил, жүк ташыгыч жана автобус пайда болгон.

Автомобилдер адамдар сыяктуу эле түрдүү милдетти аткарат. Алардын арасында өрт өчүргүчтөр жана санитарлар, почточулар жана монтёрлор, жүктөгүч жана көчө шыпыргыч, аскердик жана спорттук автомобилдер бар. Алардын айрымдары сыйымдуулугу, алптыгы менен таң калтырат. Ага, мисалы, Белорус автозаводунун 90 тонналык - БелАЗ-75710 самосвалы кирет. Бул самосвал 450тонналык жүктү ташууга мүмкүндүгү жетип, ири курулуштарда жана карьерлерде иштеп топурак, шагыл, кен ташыйт. Алп самосвалдардын жанында жеңил машина оюнчуктай көрүнүп, бир дөңгөлөлүнө да теңеле албайт. Бирок жеңил авто унаа абдан ыңгайлуу жана тез жүрөт. Адамга тез чуркоо жана оор жүк көтөрүү үчүн кубаттуу жүрөк, чымыр булчуң керек. Автомобилдин жүрөгү - мотор.

Булчуңу - мотор энергиясын дөңгөлөктөргө берүүчү валдар. Айдоочу от алдырып, стартёрду басканда электр учкунду кыймылдат-кычтын цилиндриндеги күйүүчү аралашманы тутандырып, газдын басымынан поршендер кыймылдап, валдар чимирилип, дөңгөлөк айлана баштайт. Кыймылдаткыч канчалык күчтүү болсо, ошончо тез жүрөт жана оор жүк көтөрө алат. Ошондуктан эң күчтүү кыймылдаткычтар жарышуучу автомобилдерге, сүйрөгүчтөргө жана оор жүк ташуучу автомобилдерге орнотулат. Автомобиль чарбага, тиричиликке, ал түгүл эс алууга да керек. Ошондуктан автомобилдин саны күн сайын өсүүдө. Мунун жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Эмнеге жакшы экендиги баарыга түшүнүктүү: автомобиль адамдын эң жакын жардамчысы. Бирок миллиондогон автомобилден секунда сайын иштелип чыккан газ биздин планетанын абасын ууландырууда. Демек, башка түрдөгү кыймылдаткычтар керек, мүмкүн таптакыр жаңы конструкциядагы автомобилдер жасалса, дегеле сонун болмок. Аны бүгүнкү күндө бүт дүйнөнүн илимпоздору ойлонууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)