Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Автобиография

Автобиография (авто..., био... жана ...графия) 1) өз өмүрүндөгү негизги окуяларды кыскача документалдуу баяндоо, 2) кара сөз менен жазылган, мемуарга ыктаган адабий жанр. Мемуардан айырмасы: мында автор жеке өзүнүн башынан өткөргөндөрү, ой-сезимдери, көз караштары тууралуу кеңирирээк сөз кылат. Автобиография дүйнөлүк адабияттагы байыркы жанр. Көркөм автобиографияга Ж. Ж. Руссо жана А. И. Герцен негиз салган. Дүйнөлүк классиктердин айрым чыгармалары да автобиографиялык мүнөздө. Кыргыз адабиятында М. Элебаевдин «Узак жолу», А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттери», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу чыгармалары мисал. Адамдын өз таржымалын кыскача баяндап жазышы да автобиография деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)