Авиация

Учуучу машиналардын алгачкы чиймелери кайра жаралуу доорунда жашаган улуу сүрөтчү Леонардо да Винчинин кол жазмаларынан табылган. Андан кийин да бир топ ойлоп чыгаруучулар адам таң каларлык учуучу аппараттарды жасоого аракеттенишкен. Кээ бирөөлөрү кушка окшошуп, эки колго канат байлап, асманга көтөрүлүүгө аракеттенишкен. Бирок адам билек күчү менен эмес, акыл ойдун күчү менен гана асманга учууга жетишти.1885-жылы дүйнөдө биринчи жолу орус деңиз-флотунун офицери А. Ф. Можайскийдин долбоору боюнча адамды көтөрүп уча турган инженер И. И. Сикорский Россияда "Орус баатыры" ("Русский витязь") деп аталган самолётту жасаган.

Бул дүйнөдө эң биринчи төрт кыймылдаткычтуу учак - оор авиациянын туңгучу болчу. Дүйнөлүк даңкка ээ болгон "Илья Муромец" аттуу согуштук учактар да "Орус баатырынын" уландысы болуп калды. Совет бийлигинин жылдарында Н. Е. Жуковский негиз салган авиациялык илимге таянышып, советтик конструкторлор улам барган сайын жаңы-жаңы самолётторду жаратышкан. 1924-жылы 26-майда А. Н. Туполев конструкциялаган, бүт бойдон металлдан жасалган биринчи самолёт - АНТ-2 асманга көтөрүлдү. Ошондон баштап учак курууда металл негизги материал болуп калды. 1924-жылы жайында Москва-Нижний Новгород аба жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу биринчи учак Ак-1 ийгиликтүү уча баштайт. 1928-жылы Н. Н. Поликарпов У-2 машыгуу учагын жасап, кийин ал По-2 деп аталып калды. Бул "учак" айыл чарбасында пайдаланылган.

Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында У-2 учагы санитардык, байланыш жана түнкү бомбалоо иштерине пайдаланылган. Ил-2 учагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде мыкты учак катары бүткүл дүйнөгө таанылды. 1947-жылы А. И. Микоян менен М. И. Гуревичтер конструкциялаган МиГ-15 реактивдүү истребитель жаралган. Ушул эле жылы М. Л. Миль конструкциялаган биринчи "тик учак" - Ми-1 асманга көтөрүлдү. Авиаконструкторлор дүйнөдө жүргүнчүлөрдү ташуучу биринчи реактивдүү Як-40 (А. С. Яковлевдин конструкциясы) учагын, дүйнөдө эң оор жүк көтөрүүчү В-12 (М. Л. Милдин конструкциясы) тик учагын, дүйнөдө биринчи жүргүнчүлөрдү ташуучу үндөн да ылдам учуучу Ту-144 учагын жаратышты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)