Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Aтом массасы

Aтом массасы, атомдук салмак - химиялык элементтердин атомдук салмагынын бирдиги аркылуу туюнтулган салыштырмалуу мааниси. Бул түшүнүктү Дж. Дальтон киргизген (1803). 1869-жылы Д. И. Менделеев элементтердин касиеттеринин Ага болгон көз карандылыгы жөнүндөгү мезгилдик законун ачып, анын негизинде бир топ элементтин атом массасы менен тактап жана ал кезде ачыла элек элементтердин салмагын алдын ала айткан. Табиятта бир изотоптон турган элементтердин атом массасы анын изотобунун массасына туура келет. Ал эми бир нече изотоптору бар элементтердики, ошол изотоптордун массасынын орточо мааниси менен эсептелет. Көпчүлүк элементтердин изотоптук курамына жараша салмагы да туруктуу болот. Ал химиялык элементтин эң негизги мүнөздөмөсүнүн бири. Анын бирдиги катары 1961-жылга чейин жаратылыштагы кычкылтек атомунун орточо массасынын 1/ бөлүгү, ал эми 1961-жылдан көмүртек 12С изотобунун массасынын 1/12 бөлүгү алынган. Ал химиялык формулалар жана теңдемелер аркылуу эсептөөлөрдү жүргүзүүдө жана бирикмелердин молекулалык салмагын табууда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)