Атом

Биздин заманга чейинки үч жүзүнчү жылдар ченде байыркы Грециянын философ илимпоздору ар кандай затты, ар кандай буюмду бөлүктөргө бөлүүгө болот деп ой жүргүзүшкөн. Ташты талкалап күкүмдөөгө болот. Сууну чайпалтса - чачырайт кийин ал бууланат, башкача айтканда бууга айланат. Ал эми буу болсо көзгө илээшпеген өтө майда бөлүкчөлөрдөн турат. Затты кандай чекке чейин майдалоого болот, кантип эле ал чексиздикке чейин бөлүнө берсин? Эч кандай күч менен бөлүүгө мүмкүн болбогон кандайдыр бир эң кичинекей бөлүкчөлөрдүн болушу да мүмкүн го. Чындыгында көзгө көрүнбөгөн мындай бөлүкчөлөрдү байыркы гректер атом деп атоону сунуш кылышкан, ал бөлүнбөс дегенди билдирет.

Илимпоздор бардыгын тажрыйбада текшермейин ишенишпейт. Химиктер заттардын составдуу бөлүктөргө бөлүнүшүн изилдей башташты. Мисалы, борду ысытса, ал көмүр кычкыл газы менен акиташка ажырайт. Көмүр кычкыл газды кычкылтек менен көмүртекке, акиташты - кычкылтек менен кальцийre ажыратууга болот. Бирок кальций, көмүртек жана кычкылтекти андан ары ажыратууга такыр мүмкүн эмес. Мындай химиялык ыкма менен ажыратууга мүмкүн болбогон 70тей жөнөкөй заттар өткөн кылымдын орто ченине чейин белгилүү болгон. Бул жөнөкөй заттар өтө белгилүү бир тартип менен гана татаал заттарга кайрадан бириге алышы мүмкүн экендиги аныкталган.

Химиктер эгер атомдор чындыгында эле бар болсо, мунун бардыгын оңой эле түшүндүрүүгө болот деп эсептешет. Ар бир жөнөкөй заттын өз атому бар: көмүртектин атомдору кычкылтектин атомдорунан да, кальцийдин атомдорунан да айырмаланат, дегеле жөнөкөй зат канча болсо, атомдун да ошончо түрү болот. Химиялык реакция жүргөндө жөнөкөй заттардын атомдору молекулаларга биригишет. Молекулаларды аларды түзгөн атомдорго бөлүүгө болот, ал эми атомдорду химиялык ыкма менен ажыратууга таптакыр болбойт. Ошондуктан бир атомду башка бир атомго айландырууга, бир жөнөкөй заттан башка бир зат алууга болбойт. Мисалы, сымапты же коргошунду бир кезде алхимиктер кыялданышкандай, алтынга айландырууга мүмкүн эмес. Атом менен молекула жөнүндөгү түшүнүк бардык химиялык кубулуштарды абдан жакшы түшүндүрдү.

Атом менен молекулалардын бар экенине эч ким күнөм санабайт. Бирок кантип эле атом бөлүнбөсүн? Эгер заттын кандайдыр бир бөлүкчөсү болсо, ал өтө эле күкүм болсо да, аны жок дегенде эки бөлүккө бөлүүгө кантип эле болбосун? Муну чечүү үчүн физиктер киришип, алар атомдон эки миң эсе кичине болгон, өтө майда бөлүкчөлөрдүн бар экендигин ачышты. Алар электрондор деп аталды. Электрондор атомдун составына кирет. Демек, атомду да бөлүүгө болот экен.

Чындыгында эле физиктер кийинчирээк атом - татаал түзүлүш экенин далилдешти. Анын борборунда ядро болуп, ал эми электрондор анын айланасында планеталар күндүн айланасында айлангандай айланат экен. Бирок эң кызыгы али алдыда эле: атом ядросу да бөлүнөрү белгилүү болду. Ядро өз ара кубаттуу күч менен кармалып турган протондордон жана нейтрондордон турат. Эгер ядро бөлүнсө, анда өтө көп энергия бөлүнүп чыгат. Илимпоздор атом ядросунун ажыроо ыкмасын табышты. Ошентип адамдар атом энергиясынын кубаттуу булагы - атом реакторлорун жана атом бомбасы сыяктуу үрөй учурган куралды жасай башташты. Атомдун составдуу бөлүктөрү - электрон, протон жана нейтрондор элементардык, башкача айтканда жөнөкөй бөлүкчөлөр деп аталат. Физиктер бул бөлүкчөлөрдүн тим эле жөнөкөй болуп тез эле түзүлбөгөндүгүн аныкташты.

Андай болгондон кийин затты чексиздикке чейин бөлүүгө мүмкүн болуп жүрбөсүн? Ошондой болушу да мүмкүн. Бул фактынын негизинде адамдын табият сырларын ачууга умтулушунда чек жок! - деп ишенимдүү айтууга болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)