Атмосферадагы жана гидросферадагы турбуленттүүлүк

Атмосферадагы жана гидросферадагы турбуленттүүлүк - аба жана суу агымдарындагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиздиги. Атмосферадагы абанын жана океан менен деңиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу законченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория боюнча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (к. Турбуленттүүлүк). үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыңдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк менен түшүндүрүлөт. Турбуленттүүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаңдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы менен өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу жана башка маселелерди чечүүдө) чоң роль ойнойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)