Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Аткаруу бийлиги

Аткаруу бийлиги — мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун ж-а эркиндигинин корголушунун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички ж-а тышкы ишмердигин уюштуруп ж-а багыттап турат. КРнын Конституциясына ылайык аткаруу бийлигин КРнын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт. Аткаруу бийлигинин формалары ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүүчө. Мисалы, АКШда ж-а көпчүлүк латын америкалык өлкөлөрдө жогорку Аткаруу бийлиги бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт ж-а ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы ж-а толук жоопкерчилик милдети жүктөлгөн. Швейцарияда Федералдык Кеңеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланган жети мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президентчилик» бар. Өтө кеңири тараган аткаруу бийлигинин формасы - министрлер кабинети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)