Атаке баатыр

(туулган жылы болжол менен 1738 - өлгөн жылы белгисиз) Эл башына кыйынчылык түшкөн мезгилдерде баатырдыгы, эр жүрөктүүлүгү менен таанылган азаматтар кыргыздардын да арасынан көп чыккандыгы тарыхта жакшы белгилүү. Атаке баатырдын атасы Тынай бийдин заманында Ысыккөл, Чүй, Талас аймактары жуңгар-калмактар тарабынан басып алынып, түндүк кыргыз уруулары Ата-Журтун таштап Фергана өрөөнүнө, Анжиян аймагына жер которууга аргасыз болушту.

Өз Мекенин баскынчылардан бошотуп алууда, жалпы кыргыз урууларынын башында Атаке баатыр турду. Албетте, саны жагынан артыкчылыкка ээ болгон күчтүү жоо - калмактарды кууп чыгуу оңой-олтоң иш эмес эле. Чечүүчү салгылаштардын биринде Атаке баатыр кыргыздын дагы бир баатыры Бердике менен бирге калмактардын колбашчысы Доргул менен кездешишет. Салгылашта Атаке баатыр Доргулду найза менен сайып өлтүрүп, башчысынан айрылган жуңгарлар качууга мажбур болушат. Атаке баатыр жетектеген кыргыз жоокерлери туулуп өскөн жерин душмандардан толук бошотушат.

Атаке баатыр эр жүрөк аскер башчы гана болбостон, алысты көрө билген кыраакы саясатчы катары да белгилүү. Кыргыз элинин бейкуттугун камсыз кылуу үчүн күчтүү өнөктөш керектигин туура баамдап, Абдырахман менен Шергазы жетектеген эң алгачкы элчиликти 1785-1788-жылы алыскы Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга жөнөтөт. Салтка ылайык, элчилер менен бирге баалуу белектерди - үч илбирстин, беш сүлөөсүндүн терисин жана бир кулду император Екатерина IIге тартуулайт. Мындан сырткары казак, өзбек төбөлдөрү менен да кырдаалга жараша мамиле түзүү менен кыргыз урууларынын өз алдынчалыгын сактап калууга жетишкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)