Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Атай Огомбаев (1900-1949)

Баш барак | Биографиялар | Атай Огомбаев (1900-1949)

Кыргыз элинин таланттуу обончу жана комузчусу А. Огомбаев 1900-жылы Талас районундагы Көк кашат айлында туулган. Зээндүү бала төрт-беш жашынан эле комузга кызыгып, жетиге толгондо аны үйрөнөт. 12-13 жашында комузду кол ойнотуп черткен бала элдик күүлөрү, обондору менен угуучулардын купулуна толот.

Жыйырма жашында өзү обон, күүлөрүн чыгара баштайт. Анын атагы бүткүл Талас өрөөнүнө тарайт. 1935-жылы Атай Кыргыз мамлекеттик театрына, андан соң Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынат. Филармонияда ал комузчулар ансамблин уюштуруп, ансамбль 1939-жылы Москвада болуп өткөн эл аспаптарынын Бүткүл союздук кароосунда лауреаттык наамды жеңип алат.

Ушул эле жылы Атай кыргыз маданиятынын Москвадагы алгачкы декадасына катышып, өнөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толот. Ушундан кийин ал Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамга татыктуу болот. Атайдын мукам ырлары: Күйдүм чок, Эсимде, Гүл, Ой булбул, Жаштар угуучулардын сүйүктүү чыгармаларынан болуп калды. Атай аткаруучу катары Ак Зыйнат, Куралай, Майчач сыяктуу элдик ырларды жогорку чеберчиликте аткарчу. Ал Маш ботой, Саадак какты, Ак тамак, көк тамак, Кыз кербез, Kapөзгөй сыяктуу күүлөрдү жараткан.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1461, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо