Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Атай Огомбаев

Атай Огомбаев (комузчу) (1900, Талас облусу, Талас району, Көк-Кашат айылы - 1949, ошол эле жерде) ырчы, комузчу, күүчү ж-а обончу. КРнын эл артисти (1939). Атай жети жашынан комуз черте баштап, 13-14 жашында эл ырлары м-н күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык ж-а комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. Атай 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган. 1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн ж-а обончулардын) курсунда окуп, С. С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. Атайдын кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» ж. б.) угуучуларга кеңири маалим. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоң кербез», «Бала элем», «Карылык», «үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Композиторлор В. Власов, А. Малдыбаев, B. Фере Атайдын «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, C. Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А. Түлөев анын көптөгөн күүлөрү м-н обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симфониялык оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанаттуу увертюра» жараткан (1957). Атайдын ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симфониясы «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. Атайдын бардык обондору м-н күүлөрү фортепьяно ж-а эл аспаптары, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Атай 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-ж. Фрунзеде өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 1-музыкалык он күндүгүнө, 1944-ж. Ташкенде өткөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын 2-музыкалык он күндүгүнө катышкан. Таласта анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек шаарында бир көчөгө ысмы берилген. Атай жөнүндө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-ж. Таластагы «Манас ордо» комплексинде Атайдын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таңшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас облусунун борборунда Атай музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)