Ата-энелер балдардын биринчи мугалимдери

Өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоо зор маанидеги иштерден болуп саналат. Балдар эс тартып мектепке чейин бала бакчаларда тарбияланып келишет. Андан кийин мектеп жашына жетип, мектептен тарбия алышат. Бул убакта бала өзүнүн мүнөзүнө жараша чөйрөсүн түзүп, ага жараша тарбия алат. Ушул айтылган баскычтардан мурун алардын биринчи тарбиялоочулары болуп ата жана эне эсептелет. Ата менен эне баланы өзүнүн сөзүнө ынандыруу менен эле эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн жүрүш - турушу менен, мүнөзү, керт башынын өрнөгү менен да тарбия бере алышат. Ата-энелер балдардын бул дүйнөгө жаралып, алар турмушка жаңыдан гана кадам шилтеп биринчи жолу курчап турган чөйрөнү, айланасын биле баштаган кезде таасир этишет. Ошондуктан ата-эненин тарбия берүү таасири башкы ролду ойнойт. Ата-энелердин көпчүлүгү балдарды тарбиялоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин жакшы билип, аларга көп убакыт көңүл бурганы зарыл. Балдарга эне өзгөчө көңүл бурат.

Балдарды тарбиялоо эненин эң ардактуу жана жооптуу милдети болуп саналат. Тарбиялоодо ата дагы баардык милдетти энеге үйүп салбастан экөөнүн биргелешип тарбиялоосу балдар үчүн абдан жакшы. Муну менен бирге эле балдарды ата энеси гана эмес үй бүлөнүн калган мүчөлөрү да тарбия бере алат. Ошол үй - бүлөдөгү ата-эненин бири-бирине кылган мамилеси, бири - бирин сүйүү жана урматтоо сезимдери негизделсе балдардын арасында бир туугандык сезимдер пайда болот.

Үй-бүлөдө бардык балдарга бирдей мамиле кылуу жарабайт. Анткени балдар өзүнүн кулк мүнөзү, жүрүш - турушуна жараша бири-биринен айырмаланышат. Ошондуктан балдардын кимисинин мүнөзү кандай болсо, ата-эне ошого жараша мамиле кылышы керек. Мына ушундан улам балдарды тарбиялоодо турмушта текшерилген жана көпчүлүк учурда оң натыйжаларды берген тарбиялоо формалары жана методдору күнүмдүк практикада аз эмес.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)