Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ат жабдыктары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ат жабдыктары

Кыргыз эли илгертен көчмөн турмушта жашап, негизинен малчылык менен кесиптенишкен мезгилде жашоо-тиричилигинде төрт түлүк малдын ичинен жылкы эң пайдалуу, эң керектүү мал болгон. Ат адамдын канаты деген сөз ошол кездерден калган. Аты жок адам оокат-тиричилигинде чоң кыйынчылыктарга туш келген. Ошондон улам ат менен катар ат жабдыктары кыргыз элинин турмушунда эң аздектелген буюмдарга кирген. Ат жабдыктарына ээр, үзөнгү, жүгөн, чылбыр, басмайыл, канжыга, куюшкан, ичмек, бердик, жемдик, көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы, чидер кирет. Ат жабдыктары эмнеден, кандай жасалгандыгы, көркөмдүгү жагынан чоң айырмаланган. Колунда барлар урунган ат жабдыктары үчүн кымбат баалуу нерселер: алтын, күмүш, жибек жана башкалар пайдаланылган. Жакшы ээр-токумдун, жабдык-тардын баасы мыкты күлүктүн баасынан кем бааланган эмес.

Ат жабдыктары ошондой эле эркектики же аялдыкы экендигине жараша да айырмаланган. Аялдардын ат жабдыктары эркектердикине караганда өтө кооз болгон. Бүгүнкү күндө ат унаа катары мурдагыдай анча бааланбаса да, кыргыз элинин ат жабдыктары мурдагыдан да кеңири белгилүү болуп, алардын мыкты үлгүлөрү аздектелген буюмдарга айланууда. Ат жабдыктарынын мыкты үлгүлөрү дүйнөгө белгилүү музейлердин эң баалуу экспонаттарынын катарынан орун алып жатат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1450, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо