Ат кыргыздын канаты

Кыргыздардын тарыхы канткен менен согуштардын тарыхы. Дүйнөдөгү дастандарга эң бай эл - кыргыздар. Алардын ошол дастандарынын дээрлик бардыгында согуш окуялары сүрөттөлөт. Башкы каармандар да алп, чоң темир зоотторду кийген каардуу баатырлар. Баатырлар менен бирге аттар тең коюлат. Башы адам, калган бөлүгү ат болгон жаныбарлар - кентаврлар ушул кыргыздардан чыккандай. "Ат - адамдын канаты" дешет кыргыздар. "Ат, аттан кийин - жат" дешет. "Манас" дастанында күйөөсүнөн айрылган Каныкей бөтөн жерде Тайбуурул деген баатырдан калган атын жарышка чаптырат. Ошондо аял-эне менен ат ички дүйнөсүндө сүйлөшөт. "Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени" дейт.

Дагы бир дастан "Курманбекте" атасы уулуна атын бербей коёт, ошон үчүн согушка жаман ат менен чыккан Курманбек баатыр согушта каза табат. Кыргыз турмушу бүтүндөй ат менен байланышат. Жылкы таптап, азоо үйрөткөндөр, жаман аттан тулпар чыгаргандар саяпкерлер деп аталып, алар эң чоң кесип катары даңазаланган, хандар, бектер алар менен эсептешкен. Ат жабдыктарын жасагандар да абдан урматталган. Атты адам менен бирге карашат. Атты эч качан урбайт. Элдик дастандарда баатыр (ат ээси) өлсө, аты кошо өлөт, же аты ыйлайт жана мунун тескерисинче аты өлгөн баатырдын башына кайгы үйүлөт.

Кыргыздардын эң чер жазар оюндары - ат оюндары. Ат чаптырганда байгесине абдан чоң сыйлык коюшкан, жүздөгөн мал соорун коюп ат чаптырган тойлор, аштар да болгонун тарых изилдөөчүлөр жазып калтырышкан. "Кыз куумай", "Найза чабыш", "Куш салмай", "Оодарыш" ("Эңишмей") деген сыяктуу улуттук оюндардын көпчүлүгү ат менен өткөн. Мына ушулардын ичинен эң эле көп тараганы - көк бөрү, же улак тартыш. Мында 20-40 килограммдай салмактагы торпокту, же эчкини, улакты союп, башын алып, анан аны мурда канча киши кааласа ошончосу тартып ойночу, азыр жаны эреже киргизилип, төрттөн оюнчу эки командага бөлүнүп сегиз атчан тартышчу болду. Илгери жүздөгөн кишиден эң мыкты улакчы тандалчу. Мындай оюндарда ар кандай кырсык, өлүм-житим да көп болгондуктан Советтик мезгилде тыюу салып да койгон. Ага көнбөй тартыша берсе ошол жердин жетекчилери кызматтан да алынган. Улакчылардын аттары бир жаңы машинадан да кымбат бааланган учурлар бар. Бул оюнду эл аралык деңгээлге чыгарсак деген далалаттар "Көк бөрү" федерациясы тарабынан көтөрүлүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)