Ат-Башы сымап кендеринин тобу

Ат-Башы сымап кендеринин тобу Нарын облусунун Ат-Башы р-нуда, Жеңичке жана Ташрабат өрөөндөрүнүн аралыгында, Ат-Башы – Эңилчек жаракасын бойлой жайгашкан. Аймактын түндүк-батышындагы соңку силурдун акиташ тектеринде бир нече мономинералдуу сымап кендери, ортоңку бөлүгүндөгү серпентиниттешкен листивениттерде сымап-сурьмалуу рудалар, түндүк-чыгышындагы девондун кумдуктарында сымаптын майда кендери кеңири таралган. Алардын маанилүүсү – Шырыкты, Башкелте, Ташрабат, Акбейит, Коргонташ ж. б. Руда майда жаракаларда төмөнкү температурадагы гидротермден пайда болгон. Негизги минералдары: киноварь, метациннабарит. Киноварь линза, уя, нокот түрүндө. Айрым кендерде киновардан башка антимонит минералы да кездешет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)