Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ат — адамдын канаты

Ат — адамдын канаты. Ат (жылкы) - адам баласы тарабынан колго үйрөтүлгөн эң алгачкы үй жаныбарларынын бири. Жылкы алгач ирет адам баласы тарабынан Лидияда (азыркы Түркиянын аймагы) колго үйрөтүлгөн деген илимий тыянактар бар. Ат жана анын адам баласынын турмушундагы ээлеген орду, ролу өтө кенен иликтенген. Анын ичинде кыргыздардын дастандары, жөө жомоктору, уламыш-санжыралары жана андагы сюжеттер жылкы жаныбары менен терең байланышкан. Жолоочу жүрүп бара жатып ат үстүндө тамак ичкен, уктаган. Кыргыздын бул жаны - бар жөнүндө өтө көп айтылган маанилүү макалдары бар: айгыры ала болсо, кулуну кула болот, ат ээси менен, баш мээси менен, атка бербес кунан бар, жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы, атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны, акыр заман аттан ажыраган жерде, таяк тайга жеткирет, таба атка жеткирет, ат муратка жеткирет, ат башына күн тууса, ооздук менен суу ичет, эр башына күн тууса, өтүгү менен суу кечет, жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт, аты жоктун буту жок, ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас, жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта, атты арыганда көр, эрди карыганда көр. Кыргыздар жакшы аттын башын бийик жыгачтын башына илишкен. Бул байыркы шамандык түшүнүк менен байланышы болгон. Сынчылар кишини жана атты сынап, башка малды сынабаган. Күлүк чобур болорун кулун жана тай кезин - де сынап билген, үйдө олтуруп тыштагы аттын баскан дабышынан күлүк болорун билген. Кыргыздын белгилүү сынчылары күлүктү асылына карата 18 түргө бөлө билишкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)