Асыл мурас

Маданияттын бир асыл мурасы болгон «Музыка» деген грек сөзү кыргыздардын тил казынасына XX кылымда гана жалпы түшүнүктө колдонула баштаган. Оболку доорлордо кыргыздар азыркы түшүнүктөгү музыканы ыр, обон, күү деп сезишкен.

Алар жашоо тиричилигинде дүр-дүйнөнү ыр менен чагылдырган, атап айтканда, эмгек учурунда, бешик терметип бөбөк алдейлегенде, тойлордо, айтымдарында, секетбай, арзуу ырларында, журт которуп нарктуу көч жүрүшүндө, элдик дастан, эпикалык чоң эпоcторду айтканда, бакшы бийлеринде жана башка убактарда ар кандай сөз курамын ыргакка келтирип, үн кайрыктарына айлантышкан. Жашоо тиричиликке жараша чын ыкластан сүйүнгөндө, бийлегенде, кубанганда, кайгырганда, ыр жамактаганда музыканын алгачкы жөнөкөй өзөгү обон чыгарылган. Обондордун эң алгачкы ыргактарынын башталышын - элдик салт, ырым-жырымдардын жана да бакшы бүбүлөрдүн жорук-жосундарын байкаса болот.

Кыргыздарда элдик деп аталган нечендеген сөз менен ыр айкалышкан шардана жана создукма ыкмадагы обондор байыртан эл арасында жашап келатат. Чындыгында алардын көбүнүн адеп чыгарган обончулары болгон, доор алмашкандан улам аттары унутулуп, улуттук кулк-мүнөздү, кыял-көңүлдү, салт-каадасын, усулчу дасмияны чагылдырганы эл арасында сакталып калган. Кыргыз музыкасында байыртан берки эл тарыхы чагылдырылган. Ар бир доордо эл башына түшкөн кыйын кезеңдер, шерлердин, дааналардын, башчылардын өмүрү жана журт тагдыры ыр-обондо, комуз күүсүндө баяндалат. Кыргыз эл музыкасынын негизги жанрларына эпос, эмгек, үрп-адат (диний, үйлөнүү, той ырлары, кошок), лирикалык ырлар, күүлөр кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)