Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асыл металлдар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Асыл металлдар

Качандыр бир кезде деңиз түбүнө чөккөн кемелер суу астынан көп эле учурайт. Алардын парустары эчак эле чирип, бортторунун калдыгын үлүл кабыктары менен балыр каптаган. Ал эми темир бөлүктөрүн дат баскан. Туздуу деңиз суусунан коло замбиректер карайып калган. Узак жылдар бою кеменин трюмунда жаткан алтын тыйындар гана дээрлик өзгөргөн эмес. Адамдар алтын менен күмүштүн таң каларлык касиеттерин байыркы заманда эле байкашкан. Бул металлдар абада жалтырактыгын сактап, сууда дат баспайт, кислоталарга жана жегич эритмелерге салганда эрибейт. Ал эми бекемдик туруктуулугу ар дайым асылдыктын белгиси болуп келген. Ошондуктан алтын менен күмүш асыл металлдар деп аталып калган. Анын үстүнө бул металлдар сейрек кездешет.

Андыктан бардык буюмдун баасын асыл металлдардын баасы менен салыштырып баалашы таң каларлык эмес. Кимдин алтыны менен күмүшү көп болсо, ал адам бай, атактуу жана кудуреттүү болуп эсептелген. Ошондуктан алтын менен күмүштүн айынан далай согуш болуп, эчен түрлүү кылмыштар жасалган. Түштүк Американын кендеринде мындан 300 жыл мурда испандар алтынды жууп алууга тоскоолдук кылган оор металлды, керексиз зат катары ыргытып салышчу. Аны платина (испанча күмүш сымал деген сөз) деп аташкан бул металл келечекте алтындан да баалуу болорун билишкен эмес. Химиктер аны изилдей баштап, металлдардын платина металлдары деп аталган тобун ачышкан.

Анын ичинде жердеги эң оор металл - осмий да болгон. Ал коргошундан 2 эсе, темирден 3 эсе оор. Бардык асыл металлдар, көбүнчө платина азыркы техникада кеңири колдонулууда. Андан атайын химиялык идиш - платина тигелдери жасалууда. Анткени платинаны чоктой кызарганга чейин ысытса да абадагы кычкылтек менен кошулбайт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий менен кошулган куймасынан килограммдын үлгүсү - эталон жасалган. Ал аркылуу бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет.

Асыл металл - родий менен прожектордун күзгүсү капталат, анткени ал өтө жогорку температурада жалтыроосун сактайт. Химиктер асыл металлдардын башка маанилүү касиеттерин да ачышты. Алардын айрымдарын (өзгөчө платина менен палладийди) катыштырганда көптөгөн химиялык реакциялар он миң жана жүз миң эсеге тездейт. Күмүштүн колдонулушу да табылды. Ансыз сүрөт да, кино да болмок эмес. Анткени күмүштүн айрым кошулмаларынын жарык сезгичтигинин аркасында гана фотоплёнкада сүрөттөлүш пайда болот. Күмүш электр тогун абдан жакшы өткөрөт. Андан электрондук реленин тиймеги (контакты) жасалат, радио кабылдагычтын тетиктери күмүш менен капталат.

Алтынга болгон мамиле да өзгөрдү. Андан азыр асем буюмдар гана жасалбайт. Алтындан электр вакуумдук приборлордун тиймектери жасалат, ансыз транзистор жасоого мүмкүн эмес. Ал эми алтын менен платинанын куймасынан өтө чыдамдуу химиялык идиш жасалат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1103, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу