Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Астения

Астения (гр. actheneia - дармансыздык, күчтөн таюу) - нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы менен тамактанбай, эс албай жүрүү жана башка себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт, кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек менен эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө жана иште ыңгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо жана сеп алдыруучу дарылар менен дарылайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)