Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Астана

Астана (1961-ж. чейин Aкмолинск, 1961-92-ж. Целиноград, 1992-98-ж. - Aкмоло) – Казакстан Республикасынын борбор шаары (1997-жылдын). Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Aкмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Aкмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Aкмоло уездинин борбору. Ташкен ж-а Бухарадан Россияга, Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920-36-ж. Кыргыз (Казак) ACCРинин курамындагы губерниянын (1920-28), округдун (1928-30) республикага баш ийген райондун (1930-32), Караганда облусундагы райондук (1932-39), 1965-97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Aкмоло облусунун, дың жерлерди өздөштүрүүдө крайдын административдик борбору болуп, экономикалык ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат. 1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн, алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.

Астана - Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998, Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медицина (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)