Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Аспаптык болот

Аспаптык болот - аспаптар жасалуучу болоттун бир түрү. Курамы көмүртек менен 0,60,7%ке чейин байытылат. Анын көмүртектүү, легирленген, тез кесүүчү түрлөрү бар. Көмүртектүүсү түрдүү маркадагы болоттор бири биринен курамындагы көмүртектин өлчөмү боюнча айырмаланат. Алар ысытуу жолу менен иштетилип бургу, кескич, өгөө, балта, калибр, микрометр сыяктуу аспаптар жасалат. Легирленгени да кесүүчү, ченөөчү аспаптар үчүн пайдаланылып, жогорку температурада катуулугун сактайт жана анын курамындагы күкүрт, фосфор 0,03% тен ашпайт. Тез кесүүчүсү Р9, P18 маркасындагы болоттон турат. Мындай болоттон жасалган кескич аспап курч жана тез кесет. Анын курамында 9,18% вольфрам бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)