Асманга эмне чыгып алдын

Апенди менен Аксак Темирдин алгачкы жолугушканы туурасында дагы бир мындай кеп бар. Темирлан сарайына Апендини чакырткан имиш. Апенди келсе, ордо толтура адам жерде үй-мүйүз тарта отуруп, Темирлан өзү гана жалгыз бийик такта чалкалап, элден башкача бөлүнүп отурган экен, Апенди аны көрөр замат ага таазим кылып: - Арбаңыз, Кудай! - дептир. - Мен кудай эмес, - дейт Темирлан. - Мен... Апенди анын оозунан сөзүн жулуп: - Алам десең, жаным даяр, о касиеттүү Азреил жаналгыч! - Эмнени дөөрүп отурасың! - деп, Темирлан ачуулана баштайт.

- Же мен сага жаналгыч көрүнүп турамбы? - Кудай болбосоң, жаналгыч болбосоң, төмөн түш да эл катары жерге отур. Көкөлөп бийик асманга эмне тырмыштың? - деген экен Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)