Аскомицеттер (баштыктуу козу карындар)

Аскомицеттер (баштыктуу козу карындар) (Ascomycetes) - козу карындардын эң чоң, жогорку түзүлүштүү классы. 30000ден ашык түрдү кучагына алып, жалпы козу карындардын 30%га жакынын түзөт. Буларга микроскоптук бир клеткалуу (ачыткыч козу карындар) жана мөмө денеси 10-30 смге жеткен чоң көлөмдөгү өкүлдөр кирет.

Аскомицеттердин мүнөздүү белгиси – жынысташуу процессинде баштыктын (аска) пайда болушу. Баштык туюк, бир клеткалуу, белгилүү сандагы спораларды кармайт (көбүнчө 8).

Аскомицеттердин вегетативдик денеси бир же көп ядролуу, бутактанган гаплоиддик клеткалардан турат. Алардын мицелиясында тосмолор ядронун бөлүнүшү менен синхрондук пайда болот. Тосмолордогу тешикчелер гиф боюнча азык заттарды өсүү зонасына жеткирет.

Айрым төмөнкү түзүлүштүү аскомицеттерде (ачыткы) чыныгы мицелия жок, вегетативдик дене бир клеткалуу. Ал бүчүрлөнүүгө жөндөмдүү, бүчүрлөр энелик клеткадан ажырабастан, псевдомицелияны пайда кылышат.

Аскомицеттердин клеткалык кабыгы хитин жана полисахариддерден турат.

Хитридия жана зигомицеттерге караганда буларда хитин азыраак (20-25%). Мисалы, ачыткыч козу карында 1%ке гана жакын, же такыр жок. Клеткалык кабыктагы полисахариддердин көпчүлүк бөлүгүн глюкандар (80-90%) түзөт.

Көпчүлүк аскомицеттерде жыныссыз көбөйүү чоң мааниге ээ. Көбөйүүнүн бул спорасы конидия деп аталат (конидия-мицелияда түздөн-түз жайгашкан споралар).

Вегетация учурунда конидиялык споралар (конидиоспора) жетилип, массалык таркалуу жүрөт. Айрым аскомицеттерде конидиоспоранын пайда болушу сезилбейт, башкаларында ал үстөмдүк кылат.

Аскомицеттерге мүнөздүү белги – мицелиядагы адистенген гаметасыз эки клетканын кошулушу. Мындай клеткалар гаметангиялар, ал эми жыныс процесси гаметангиогамия деп аталат.

Татаал түзүлүштүү аскомицеттерде гаметангиялардын түзүлүшү татаалдашат жана дифференциацияланат. Ургаачылык гаметангий (архикарп) эки бөлүктөн - аскогон жана трихогинадан турат, эркектик гаметангий (антеридий) бир клеткалуу. Уруктануудан антеридиянын элементтери трихогина аркылуу аскогонго өтөт. Клеткалардын кошулушу менен дикарион калыбына келет. Диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнгөн соң, пайда болгон ядродо митоздук бөлүнүү жүрүп, 8 гаплоиддик ядролордун айланасында 8, кээде 4 аскоспоралар пайда болот.

Аскоспоралар баштыкта эпидерма менен капталган. Алар жетилген учурда цитоплазмада гликоген кантка айланат, баштыкта тургордук басым жогорулайт да, аскоспоралар бир нече ммден 10 см жана андан көп аралыкка күч менен чачылат.

Аскоспоралардын формалары да түрдүүчө – тегерек, шар, эллипс, жип түрүндө жана башка Жөнөкөй А-де баштык түздөн-түз мицелияда пайда болот, ал эми жогорку түзүлүштөрдө атайын мөмө денечелердин ичинде жана аскостромаларда жайгашат.

Мөмө денелердин төмөнкүдөй типтери белгиленет: клейстотеций – (жабык мөмө дене, тоголок), перитеций – (жарымы ачык, көбүнчө кумура формасында), апотеций – (ачык, көбүнчө чөйчөк формасында).

Мөмө денелеринин бар же жоктугуна жана анын тешикчелеринин түзүлүшүнө карай А. 3 классчага бөлүнөт:

Гемиаскомицеттер, же жылаңач баштыктуулар (Hemiascomycetidae) мөмө денесиз баштыктар, түздөн-түз мицелияда жайгашат.

Эуаскомицеттер, же мөмө денечелүү баштыктуулар (Euascomycetidae) – баштыктар клейстотецийде, перитецийде же апотецийде жайгашат.

Локулоаскомицеттер (Loculoascomycetidae) – баштыктар аскостромада (боштук – локула) пайда болот.

Аскомицеттер жаратылышта эң көп таркалган жана бардык географиялык облустарда кездешет. Алар сапротрофтор түрүндө топуракта, токойдун чириндилеринде, түрдүү өсүмдүктөрдүн субстраттарында, жаныбарлардын калдыктарында жана башка учурайт. Айрымдары деңиздерде, же тузсуз сууларда, өсүмдүктөрдүн денелеринде кездешет. Сапротрофтук аскомицеттер жаратылышта органикалык заттардын минералданышына активдүү катышат.

Көптөгөн аскомицеттер – жогорку өсүмдүктөрдүн, балырлардын, эңгилчектердин, жаныбарлардын жана адамдардын мителери. Алар маданий өсүмдүктөрдө, жаныбарларда жана адамдарда коркунучтуу ооруларды пайда кылат. Ушул эле учурда көптөгөн аскомицеттер пайдалуу болуп, биологиялык активдүү заттардын – антибиотиктер, витаминдер, ферменттер, алкалоиддер, тоют белогунун – продуценттери болот. Булардын ичинде тиричиликте, өндүрүштө кеңири колдонулуучу спирттик ачуу-кычууларды жүргүзүүчү түрлөрү да бар.

Көпчүлүгү – биохим., генетикалык изилдөөлөрдүн объектилери.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)