Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ашымбаев Калканбай

Баш барак | Биографиялар | Ашымбаев Калканбай

(1932-жылы туулган, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) - жазуучу, сатирик. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1952-жылы Каракол мугалимдер институтунун физика-математика факультетин, 1966ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1952—59-жылы Кочкор районунун мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1959—63-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде, 1963—65-жылы «Ден соолук» журналында, 1965—68-жылы «Мугалимдер гезитинде», 1968—81-жылы «Кыргыз маданиятында» адабий кызматкер, бөлүм башчы, 1981—83-жылы «Мектеп» басмасында улук редактор, 1981—92-жылы «Чалкан» журналында бөлүм башчы, 1992—94-жылы башкы редактор. Чыгармалары басма сөзгө 1955-жылдан жарыялана баштаган.

Алгачкы повесть жана аңгемелер жыйнагы «Көк конверт» 1963-жылы жарык көргөн. А. «Алачык» (1969), «Жарты жан» (1970), «Сокмо көйнөкчөндөр» (1970), «Жанчар» (1974), «Болоттун куймасы» (1975), «Жолдогу өмүр» (1978), «Насаатчы» (1981), «Кантсин бечара» (1987) аттуу аңгемелер, повесттер, сатиралар, такмазалар, очерктер жана башкалар жыйнактардын автору. 1983-жылы «Интергельпо» аттуу романы жарык көргөн. Анда 20-жылдары кыргыз жергесине келген чех жана словак жумушчуларынын жергиликтүү улут менен бирге Республиканын өнөр ж-н курууга катышкан эрдиктери баяндалган. А. чыгаан фельетончу, сатирик жана публицистикачы катары да окурмандарга кеңири белгилүү.

Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1992). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 633, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу