Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ашкананын тазалыгы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Ашкананын тазалыгы

Тамак-аш аш үйдө даярдалган соң, ага коюлган негизги гигиеналык талап - тазалык жана ирээттүүлүк, себеби аш үйдө микробдордун көбөйүшүнө бардык шарттар бар. Эгерде бул бөлмөдө керектүү иш куралдары, идиш аяк ыңгайлуу жайгаштырган эмереректерде (мебелде) сакталса, анда тамак - ашты гигиеналык эрежелерге жараша жасашы кыйын болбойт. Аш үй өзүнчө бөлмө болгону дурус, анткени анда ашыкча нерселер коюлбагандыктан, тазалыкты сакташ жеңил. Тамак - аштын даярдалышы биринчилик иштетүүдөн (жууп, кесип, майдалап ж. б.) жана отко кууруудан, бышыруудан тургандыктан, бул бөлмөгө атайын аспаптар керек. Ошол себептен азыркы аш үйдө жууганга раковина же жуугуч, бышырганга газ, электр жана меш, иштегенге стол жана идиш-аяк менен жабдылат. Раковина, иш стол жана меш бирдей бийиктикте болуп, бири - бирине жакын коюлат, сол жактан оң жакты көздөй ирээти менен жайгашканда айымга ыңгайлуу. Мүмкүн болсо, меш терезенин жанында турса дурус, анткени тамак-аш даярдаганда терезени же форточканы ачып койсо, мештен чыккан ыш, көмүр кычкыл газы, айрым учурда ис газы, аш үйдүн абасын булгабайт.

Ал эми каражат болсо, мештин үстүнө аба соргучту (вытяжка) орнотсо, андан да жакшы. Иш столу шкаф түрүндө жасалса, анын ичине идиш - аяк сакталат. Азыктарды отуруп аарчыганы, майдалаганы ыңгайлуу. Айрым адамдар тамак-ашты туруп иштетүүдөн өткөрөт, себеби алардын ою боюнча мындайда иш тез жасалат. Бирок бул жакшы көнүмүш эмес, анткени алар өзүнүн күчүн үнөмдүү пайдаланышпайт, биринчиден, экинчиден отуруп жасаган иштин ылдамдыгы туруп жасаган иштин ылдамдыгындай эле. Раковинанын жана иш столдун үстүнө кургак азыктарды сактаганга шкафтарды илет. Эгерде илинген шкафтын үстүңкү текчеси полдон 1,80-1,85 м бийиктикте орун алса, анда буюмдарды оңой эле алса болот. Раковина же жуугуч шкаф түрүндө болсо, анда ичине таштандылар үчүн чаканы, ашыкча чоң идиштерди батырууга мүмкүн. Көп учурда колдонуучу иш куралдар столунан өтө алыс, бийик же жапыс жайгашбаса, убакыт үнөмдөлөт.

Тамак бышырган мештин үстүнө эч нерсе илинбейт. Раковинанын, столдун жана мештин тушундагы дубалды кафель менен жасап же сыр боёк менен боёсо, ал дубал жакшы жуулат. Аш-үйдө турган эмеректер (шкафтар, стол, отургучтар) оңой жуулган материалдардан жасалат, себеби аларга май чачырап, тамак-аш төгүлүп, тез булганат. Ошондой эле аш үйдүн полу линолеум менен төшөлсө же сырдалса, жууп тазалаганга жеңил болот. Бул бөлмөнүн тактайына килем, палас ж. б. нерсе салынбайт. Эгерде аш үйдө ар бир буюмдун өз үчүн орду болсо, анда аны тазалыкта кармаш кыйын эмес. Мисалы, иш столдун үстүндө илинген шкафта кургак азыктар сакталса, анын астында идиш коюлат.

Шкафтардын тартмасына атайын бөлмөлөрү бар жайпак нерседе бычактар, кашыктар, айрылар ж. б. өз өзүнчө сакталат. Шкафтардын эшиктеринин ички беттерине илгичтерди бекитип, чөмүч, депкирди ж. б. илет, мискейдин капкактарын сактаганга чөнтөк сымал текче жасаса болот. Аш үйдө жасалган иштерге жарык жакшы тийиши зарыл, ошондуктан иш столдун үстүнө бир электр лампочканы, бөлмөнү бүтүн бойдон жарык кылган экинчи лампочканы шыптын ортосуна орнотот. Күндүзү жарык бөлмөгө кириши үчүн терезеге жука, кыска, оңой жуулучу агыш кездемеден парда илинет.

Терезеге үй өсүмдүктөрдү жайгаштырса, алар үйдүн көркүн гана ачпастан, абасын да тазалашат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 899, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу