Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ашгабат облусу

Ашгабат облусу - Түркмөн Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Аянты 95,4 миң чарчы/чакырым. Калкы 764 миң (1982), шаар калкы 62%. Облуста 8 административдик район, 3 шаар, 13 шаарча бар. Борбору Ашгабат шаары. Облустун аймагынын түзөң бөлүгүн Каракум чөлү ээлейт, түштүгүндө Копетдаг тоосу (бийиктиги 2942 мге чейин) орун алган. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы 4°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 80-100 мм, тоо этегинде 285 ммге чейин. Кыртышы боз топурактуу. Чөп өсүмдүктөрү басымдуу келип, бадал өсөт. Негизги өнөр жай ишканалары: машина куруу (анын ичинен нефть, өнөр жай үчүн жабдуу электртехника), металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек кездеме, килем токуу, жана башка), текстиль, бут кийим, тамак-аш (анын ичинен шарап чыгаруу), курулуш материалдар (цемент, айнек) жана башка. Сугат дыйканчылыгы (Каракум каналы) өнүккөн. Дан эгиндери, пахта, жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой (анын ичинен каракөл кою), уй, жылкы (негизинен ахалтеке), төө, чочко асыралат. Жибекчилик өнүккөн. Фирюза, Арчман курорттору иштейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)