Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асейинов Мукун

Баш барак | Биографиялар | Асейинов Мукун

(1941-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. Бишкектеги соода техникумун бүткөндөн кийин Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер, 1961—70-жылы Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде катчы, 1971ж. Кыргызстан КП БКнын соода, пландоо жана финансы органдар бөлүмүндө инструктор болуп иштеген. 1972—74-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975—76-жылы Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору. 1977—79-жылы Талас облусунун Киров райондук Эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-жылы Талас облустук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1981-85-жылы Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары, 1985-жылы партиянын Тянь-Шань райондук комитетинин 1-катчысы, 1986-ж Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасьшын орун басары, 1987—91-жылы Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1991-жылдан Чүй облустук мамлекеттик администрациялык башчысынын орун басары.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 593, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо