Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асанова Айсалкын

Баш барак | Биографиялар | Асанова Айсалкын

(1945-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - инженерэкономист, экономика илиминин доктору (1990), профессор (1992). 1967-жылы Москва жеңил өнөр жайынын технологиясы интун, 1972-жылы Г. В. Плеханов атындагы Москва мамлекеттик эл чарба институтунун астындагы аспирантураны бүтүргөн. 1972-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин өнөр жай экономикасы кафедрасында адегенде улук окутуучу, анан доцент, 1978—89-жылы кафедра башчысы болуп иштеген. 1992—93-жылы экономика жана менеджмент факультетинин деканы, 1993-жылдан ошол эле факультеттеги экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы. Анын эмгектери техниканын натыйжалуулугун жогорулатуу, өнөр ж-дагы технология жана өндүрүш, өнөр жай өндүрүшүндө кадрларды пайдалануу жана аларды уюиггуруу проблемаларына, ошондой эле КМШнын өлкөлөрүндө жана республикада базар экономикасынын калыптануу шартында эл керектөөчү товарларга болгон талапты канагаттандыруу проблемаларына жана ошого карата эконнын бардык структурасын жана экономикалык мамилелердин системасын кайра куруу зарылдыгы жөнүндөгү маселелерге арналган. А. азыр республикада базар экон-нын калыптануусунун Теориялык жана прикладдык маселелерин изилдөөгө алган жаңы ил.-практикалык багытта иштеп жатат. 65тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 514, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу