Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асаналиев Үсөнгазы

Баш барак | Биографиялар | Асаналиев Үсөнгазы

Асаналиев Үсөнгазы[1934-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат) айылы] - геолог, геол.-минералогия илимдеринин доктору (1971), профессор (1979), Кыргыз Республиканын УИАнын академик (1993; корр. мүчө, 1979), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академик (1992), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). ФПИни бүткөн (1957). 1958—74-жылы Кыргыз ССР геологиялык башкармасынын геологиялык чалгындоо партиясында геолог, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын геологиялык институтунда аспирант, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. 1973—93-жылы ФПИде (1993-жылдан Кыргыз техникалык университети) илимий иштер бча проректор, 1993-жылдан Кыргыз тоокен-металлургия институтунун ректору. айылтүстүү, сейрек жана баалуу металлдардын жер кыртышында чөкмө жол менен пайда болгон кендерин изилдөөчү илимий багыттын өкүлү. Анын илимий изилдөөлөрү негизинен эки багытта жүргүзүлгөн. Биринчиси - Теңир-Тоодогу коргошун, цинк, жез, вольфрам, күмүш, алтын, пирит, барит, флюорит кендеринин геологиясын изилдөөгө, экинчиси - түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, ошондой эле колчедан, барит, флюорит жана целестиндин стратиформ (чөкмө) кендеринин жер кыртышында пайда болуу жана жайгашуусунун жалпы закон ченемин аныктоого арналган.

Ал стратиформ кендеринин издөө критерийлери менен алдын ала айтуу методикасын иштеп чыгып, түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын стратиформ кендеринин пайда болушуна негизделген жалпы классификациясын алгач сунуш кылган. 1986-жылы Аге жана башкалар илимпоздорго «Түстүү таллдардын стратиформ кендери жана генезиси» аттуу илимий эмгектердин цикли үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз Республиканын илим жана техника 5-ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1995). А. 150 илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография), 3 окуу китебинин (кен геологиясы боюнча) автору. Анын редакциясы менен 20 илимий эмгектин жыйнагы жарыяланган. СССРдин кендерин чалгындоонун отличниги (1984), Кыргыз Республиканын эл агартуу отличниги (1984)

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 608, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу