Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асан кайгы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Асан кайгы

Ал уламыш боюнча ойчул, акылман, сынчы адам. Өз аты Асан экен, өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн, өзгөчө боорукердигинен улам кайгычыл деп аталып кетиптир. Ал жан бүткөндүн баарына боору ачыган. А түгүл жыланга да тийбегиле, анын зыяны жок дейт. Дүйнөдө тынчтык болушун, адамдарга жакшылык каалаган, жамандыкты сууга салып, отко өрттөгүсү келген. Жазыксыз тирүү жандарга кол тийгизбөөнү өтүнгөн. Акылдуулукту самап, акылсыздыкты жектеген. Анын учкул сөздөрү, боорукердиги, адамкерчилиги ооздон оозго өтүп, эл арасына кеңири тараган.

Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Шыйпаңдаарга куйругу жок, Кулан байкуш кантти экен? Жатарына жайы жок, Чымын байкуш кантти экен? Алдейлерге эне жок, Асырарга ата жок, Жетим байкуш кантти экен?. Ошондой эле: Сабырдын түбү сары алтын, Саргарган жетээр муратка, Сабырсыз калар уятка Сараң бай - суу акпаган сайга окшош. Акыл оошот, ырыс жугушат - деген ырлары, накыл кеп, насыят сөздөрү жатка айтылып кеткен. Асан кайгынын сынчылыгы да эл ичинде айтылып жүрөт. Анын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок, 15-кылымда жашап өткөн деп божомолдонот. Ал адамкерчилик менен эсептешпеген тайыз ойчулдарды, өзгөчө кара өзгөй Жаныбек ханды аёосуз мыскылдаган.

Казак окумуштуусу Ч. Валиханов аны көчмөн элдердин философу деп атаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 13809, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо