Арыз кантип жазылат

"Арыз кантип жазылат", анын кандай түрлөрү бар, кантип туура жазыш керек, келгиле үйрөнүп алалы. Анткени, бул нерсе адам баласынын жашоосунда коштоп жүрүүчү нерсе эмеспи. Арыз жазуунун үлгүсү макалабыздын аягына чейин , жашоонун дээрлик бардык тармактарында керектелүүчү түрлөрү берилмекчи.

Мекеме башчысына ошонун же башка мекеменин адистери же инсандар өтүнүч, сунуштоо, арыздануу, даттануу маанисинде жазылган расмий кагаз арыз деп айтылат. Ал мекеме-ишканаларда көп колдонулат. Жумушка кирүү, башка адистикке которуу, башка ишке кетүү, ар кандай өргүүлөргө уруксат алуу аракеттери арыз менен ишке ашырылат. Адамдардын кайсы бир башчыга болгон даттануулары арыз менен гана ырасмий абалга өтөт. Ошондо гана жетекчи мекеме кызматкеринин же башка жарандын арызына сөзсүз жооп берүүгө милдеттүү болот.

Адам ишмердигинде арыздын көптөгөн түрлөрү колдонулат. Бирок айрым арыздардын түрүн кошпогондо, алардын дээрлик бардыгы бирдей реквизиттерге ээ. Аны төмөнкүдөй схема менен көрсөтөбүз:

Арыз кантип жазылат

(Эскертүү: Иш кагаздары, учурда А4 форматындагы баракка жазылат. А4 барагынын өлчөмү - 210x297 мм)

Реквизиттердин чечмелениши:
1-реквизитте мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы жана аты-жөнү жазылат. Жетекчинин аты жана атасынын аты кыскартылат, фамилиясы толук көрсөтүлүп, ал барыш жөндөмөгө келтирилет: А.К. Жолдошевге.

Жетекчинин аты-жөнүнөн мурда мырза, айым деген сыяктуу урматтоо сөздөрүн же илимий наамын көрсөткөн доцент, профессор, академик деген сыяктуу сөздөрдү пайдаланууга болот.

2-реквизитте арыздануучунун каерде, ким болуп иштери, же каерде жашары, аты, атасынын аты жана фамилиясы көрсөтүлүп, фамилия чыгыш жөндөмөгө келтирилет: А.К. Базарбаевден.

Көпчүлүк учурда арыздануучуңун атынын жана атасынын атынын чечмеленип берилиши максатка ылайыктуу деп эсептелет: Алымкул Кайыпович Базарбаевден.

3-реквизитте иш кагазынын аты жазылат. Ал 1- жана 2-реквизиттин уландысы болгондуктан, кичине тамга менен башталганы туура болмок, бирок салтка айланган принциптин негизинде ал баш тамга менен жазылат: Арыз.

4-реквизит - текст. Ал абзац менен башталып жазылат. Арыздын тексти түшүнүктүү, так жана кыска болушу талап кылынат. Арыздын Текстинде арыздануучунун жетекчиге карата ички мамилелери, психологиялык түрдүү абалдары берилбейт. Арыздын тексти зарыл болсо, бир канча абзацка бөлүнүп жазылышы мүмкүн.

5-реквизитте арызга тиркелүүчү тиркемелер берилет.Тиркемелерге түрдүү күбөлүк, аттестат, диплом, маалымкат, түшүнүк каттардын ж.б. иш кагаздарынын көчүрмөлөрү кирет. Тиркеменин ар бир түрүнүн бети көрсөтүлөт. Тиркеме бирөө болсо, ага номур коюлбай эле жазылат: Жогорку билимим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсүн тиркеймин (1 бет). Мындай тиркеме абзац менен жазылат.

Тиркемелердин саны 2 жана андан көп болсо, алар "Тиркемелер:" деген сөздүк менен номурланып жазылат:
Тиркемелер:
1.Дипломдун көчүрмөсү (1 бет);
2.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (3 бет).

Тиркемелер зарыл болсо гана арызда көрсөтүлүп, алар арыздын артына тиркелип, жетекчиге жиберилет.

6-реквизитте арыз жазылган дата алты цифра менен же цифра-сөз менен көрсөтүлөт: 00.14.04 же 2000-жылдын 14-апрели.

7-реквизитте арыз жазуучунун колу белгиленет.

8-реквизитте арыз жазуучунун аты, фамилиясы жазылат: А. Базарбаев. Бул реквизитте арыз жазуучунун атасынын атынын көрсөтүлүшү милдеттүү эмес. 6, 7, 8- реквизиттер бирдей деңгээлге жазылат.

9-реквизитте мекеме-уюмдун кээ бир тиешелүү адистеринин иш кагаз менен таанышып чыккандыгы жөнүндө, арыз текстинин маани-мазмунуна ойлорун туюнткан визалар коюлушу мүмкүн.

10-реквизитте арыз индекси жазылат. Ал каттоо дептерине белгиленет, ал белги менен арыз текстиндеги маселенин же койгойдун ишке ашуусу көзөмөлдо болот.

Реквизиттердин аралары даана ажырап турушу зарыл. Мекеме-уюмдун башчысынын резолюциясы кагаздын ойдонку сол жак четиндеги бош орунга белгиленет. 1-8-реквизиттер арыздануучу тарабынан аткарылат жана кол менен жазылат.

Арыздын түрү өтө көп. Ал түрлөр арыздын текстинин мазмунуна ылайык бөлүштүрүлөт. Биз өндүрүштө көп колдонулган арыздын түрлөрүнүн үлгүлөрүн сунуш кылабыз.

Жумушка кирүү арызы. Жумушка кабыл алуу арызы деп дагы айрымдар айтышат. Бул арыз арыздардын эң көп колдонулганы болсо керек.

Аламүдүн районундагы
"Ала-Тоо" агрофирмасынын
деректири Т. Эшиевге
Көк-Жар кыштагынын
тургуну Сапарбек Акуновдон

Арыз

Мени агрофирмага багбанчылык ишке алууңузду өтүнөм. Айыл чарба техникумун бүткөндүгүм жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсүн тиркеймин.

00.10.04(колу)С. Акунов

Жумуштан кетуу арызы

И. Арабаев атындагы
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык
университетинин ректору
проф. Б. Бекбалаевге
физика кафедрасынын доценти
Жеңиш Ашымовдон

Арыз

Башка кызматка өткөндүгүмө байланыштуу мени кафедранын доценттик кызматынан бошотууңузду сураймын.

00.10.04(колу)Ж. Ашымов

Отунуч арыз
Эмгекчилер көп учурда райондук администрацияга (башчысына), кесипчилик комитетине үй-жай, жер участокторун сурап, арыз менен кайрылышат. Мындай арызда үй-жай, жер участогун сураган киши үй-бүлөсү, үйүнүн абалын көрсөтүп, өзүнүн иштеген жери, ким болуп иштээри жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле бул арыздын улгусун мектепке баланы киризүүдө да колдонсо болот.

Бишкек шаарынын мэри
мырза Т. Керимкуловго
С. Ибраимов көчөсүндөгү
28-үйдүн 18-батиринде жашоочу
Адыл Рыскелдиевден

Арыз

Мен шаардын С. Ибраимов көчөсүндөгү 28-үйдүн атам Т. Рыскелдиевге тиешелүү 18-батиринде турамын. Жашаган үйүбүздүн аянты 84 чарчы метр. Бул үйдө 7 киши жашайбыз.

Батирибиз үч бөлмөлүү. Мындай жайда мага илимий иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан мени жашоо шартын жакшыртууга мажбур болгондордун тизмесине киргизип коюшуңузду сураймын.

Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдаймын:
Рыскелдиев Адыл - 1950-ж. туулгам. Бишкек гуманитардык университетинде кыргыз адабияты кафедрасынын доценти болуп 1993-жылдан бери иштеймин, филология илимдеринин кандидатымын.

Үй-бүлөм:
Рыскелдиев Муратбек - атам (1940-ж.т., пенсионер)
Рыскелдиева Айна - апам (1944-ж.т., пенсионер)
Рыскелдиева Бурма - аялым (1952-ж.т., мугалим)
Адылов Азамат - уулум (1984-ж.т., окуучу)
Адылов Саламат,- уулум (1990-ж.т., окуучу)
Адылова Кенжегүл - кызым (1992-ж.т., окуучу)

25.10.02(колу)А.Рыскелдиев

Топтук арыз
Топтук арыз кайсы учурда жазылат? Жогорку органдарга арыз айрым учурда көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч түрүндө жазылышы мүмкүн. Топтук арыз мисалы төмөндө

Ош облустук мамлекеттик
администрация башчысы-губернатор
Т. Акматалиевге
Ноокат районундагы
Кеңеш кыштагынын тургундарынан

Арыз

Биздин кыштакта төрт жүздөн ашык үй-бүлө жашайт. Булардын үчтөн экөө көп балалуу үй-бүлөлөр. Бирок кыштагыбызда жалпы билим берүүчү орто мектеп жок. 9-классты бүтүргөн балдарыбыз алыскы жердеги башка мектепке барып окушат. Жол алыс болгондуктан, балдар өтө кыйналууда. Ошондуктан эки айылдын арасынын алыстыгын эске ашп, кыштакка орто мектептин имаратын курууга жардам берүүңүздү сурайбыз. Биздин кыштактын эли буга жардам берүүгө, ашар жолу менен ишти бүткөрүүгө даяр.

04.15.07(колу)(фамилиялар)

Оргуу арызы
Мындай арыздар эмгек оргуу арызы, декреттик өргүүлөргө чыкканда, кызматына кайра киришкенде жазылат. (2 мисал)

Кыргыз айыл чарба финансы
корпорациясынын аткаруучу-деректири
Б.Ж. Жээнбаевага
менеджердин жардамчысы
Алиева Жайнагүлдөн

Арыз

Кош бойлуу болгондугума байланыштуу 2000-жылдын 21-февралынан 8-майына чейин декреттик өргүү берүүңүздү сураймын. 2000-жылдын 18-февралында берилген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын тиркеймин.

00.00.00(колу)Ж. Алиева

Нарын мамлекеттик университетинин
ректору доц. А. Акматалиевге
тилдер кафедрасынын
улук окутуучусу
Сейдалиева Жыргалдан

Арыз

Оорулуу баламды кароо үчүн мага 2000-жылдын 6-мартынан 20-мартына чейин акы төлөнбөөчү өргүү берүүңүздү сураймын.

Тиркеме:
1.Баламдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2.№46 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы

00.00.00(колу)Ж. Сейдачиева

Эмгек оргуудон кайтуу арызы

И. Раззаков атындагы
Кыргыз техникалык университетинин
ректору проф. У. Н. Бримкуловго
башкы кампачы
Аалы Мачиковдон

Арыз

Мени эмгек өргүүсүнөн кийин 2000-жылдан 17-апрелинен өз кызматына киришти деп эсептөөңүздү сураймын.

00.00.00(колу)А. Маликов

К. Тыныстанов атындагы
Ысык-Көл мамлекеттик
университетинин ректору
проф. М. М. Кидибаевге
тарых кафедрасынын доценты
А. Алмазбековдон

Арыз

Илимий изилдөө ишимди улантуу үчүн 2000-жылдын 27-мартынан 30-апрелине чейин Бишкек шаарына илимий иш сапарына уруксат берүүңүздү сураймын.

00.00.00(колу)А. Алмазбеков

Жогорудагыдай арыздарга мекеменин түзүмдөрүнүн жетекчилери да макулдук визаларын коюшат. Мисалы, жогорудагы иш сапар арызына адегенде кафедра башчысы, факультеттин деканы, илимий иштер боюнча проректор макулдук визаларын койгондон кийин, ректор өз резолюциясын белгилейт. Ушул тартип боюнча аткарылган арыз расмий күчкө кирет. Жогорудагы арыздар жарандык арыздар деген топко биригип, алардын жөнөкөй түрүн түзөт. Жарандык арыздын татаал түрлөрү да бар. Алардын реквизиттери жана аткарылуу формасы төмөнкүдөй болот:

И. Арабаев атындагы
Кыргыз мамлекеттик
педагогикалык университетинин
ректору проф. А. А. Бекбалаевге
филология факультетинин
2-курсунун студенти
Момунова Сайрадан

Арыз

Академиялык өргүүмдүн мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2000-жылдын 6-мартынан мени сабакка катыша баштады деп эсептөөңүздү сураймын.
Ден соолугум жөнүндөгү маалымкатты тиркеймин.

00.00.00(колу)С. Момунова

1999-жылдын 5-мартынан
2000-жылдын 5-мартына чейин
ректордун 99.05.03 төгү
61-С буйругу менен
ден соолугуна байланыштуу
академиялык өргүү берилген

КБнын
башчысы
00.00.00
(колу)А. Айтиева

Сабакка 2000-жылдан 6-мартынан 2-курстун В тайпасына катыша баштады деп эсептелсин жана 2000-жылдын март айынан 30% өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

Декан
00.00.00
(колу)И. Абдувалиев

Которулуу арызы

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин
ректору проф. Ж. Бөкөшевге
эсепчи Зуура Муратовада

Арыз

Жогорку билимге ээ болгондугума байланыштуу мени улук эсепчи кызматына которууңузду сураймын.
Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү тиркелет.

45.99.65(колу)З. Муратова

Ош мамлекеттик
университетинин ректору
проф. Б. Мурзубраимовго
Кыргыз мамчекеттик
улуттук университетинин
математика факультетинин
3-курсунун студенти
Акбаров Жеңишбектен

Арыз

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин математика факулъ-тетинин 3-курсунан которулуп келгендигиме байланыштуу мени Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин 3-курсунун бюджеттик тайпасына кабыл алууңузду сураймын.

Төмөнкү документтерди тиркеймин:
1.КМУУнун ректорунун жана математика факультетинин деканынын макулдугу берилген арыз;
2.Бюджеттик тайпада окугандыгым жөнүндөгү маалымкат.

45.99.65(колу)Ж. Акбаров

Которуу жана окууга калыбына келтирүү комиссиясынын 1999-жылдын 7-сентябрындагы №3 чечими менен Акбаров Жеңишбек физика-математика факультетин 3-курсунун А тайпасына бюджеттик негизде студенттердин катарына кабыл алынды жана информатика жана кыргыз тили сабактарынан болгон академиялык айырмасын 1999-жылдын 21-сентябрына чейин жоюу менен 30% өлчөмүндө стипендия белгиленди.

Комиссиянын төрагасы:(колу)А. Абдувалиев
Мүчөлөрү:(колу)Ш. Исмашов
(колу)А. Маматова
(колу)А. Сокуев
(колу)Р. Эргегиова

Арызды жонокой жарандар гана эмес, уюмдар, мекемелер дагы жазышат. Андай арыз жаран тарабынан жазылган арыздан башкачараак болуп, мыйзам тарабынан чара коруу, доо коюуу маанисинде болушу ыктымал.

Мекеме арызы, шарка ылайык, иш кагазына толтурулат же жазылат, эгер арыз андай иш кагазга толтурулбаса, анда мекеме арызына штамп (төрт бурчтуу же тик бурчтуу мөөр) басылат.

Доо арыз улгусу
Арыздардын ушул түрүн биздин колдонуучулар абдан көп сурашат, доо арыз жазуу, доо арыз кандай жазылат, доо "арыз кантип жазылат", доо арыз деген эмне - деп. Атайын суроолор боюнча назарыңыздарга доо арызы. Бул турдогу арыз мекемеден же коммерциялык уюмдан товарын, мал-мүлк, акча каражатын өндүрүп берүү тууралуу сотторго, прокуратурага жазылышы мүмкүн.

Уюмдар ортосунда жазылган келишим бир тарабынан аткарылбай калганда ал жөнүндө келишим түзгөн экинчи тараптын эскертүүсүн жоопсуз калтырса же аны толук канааттандырбаган мезгилде да, доо арыз берилет.

Мындай доо арыздары адаттагы арыздардын мазмунунан башкачараак келет. Доо арыздын негизги реквизиттери төмөнкүдөй:

  1. Кайрылган мекеме-уюмдун аты, иштин датасы, ирет номери белгиленген штамп;
  2. Соттун адреси же окмоттук же эмес мекеме-уюмдун аты (кагаздын ортосунан баштап, оң жакка жазылат);
  3. Доо арыз ээсинин толук аталышы, адреси;
  4. Жооп беруучунун толук аталышы, адреси;
  5. Доо суммасы;
  6. Документ же иш кагазынын аты (доо арыз);
  7. Доо арыздын маани-мазмуну. Текстте доо арыз жазуучу эмненин негизинде доо арыз жазып жатканы, жооп беруучуну эскерткен кайрылуусуна берген жоопту канагаттандырбаганы, келишимди ишке ашырууга жооп беруучунун терс мамилеси толук, факты менен так көрсөтүлүшү абзел;
  8. Тиркеме, ишке ашырылган иш кагаздары.

Доо арызынын үлгүсү төмөнкүдөй болот:

Кыргыз Республикасы
Чүй облусу
Аламүдүн району
"Үлгү" агрофирмасы
1999-жылдын 15-октябры
Шаркыратма кыштагы
Чүй райондук эл сотуна
Доогер - "Үлгү" агрофирмасы
Жоопкер - Чүй райондук
даярдоо конторасы

Келтиршген зыянды өндүрүү жөнүндө
Доонун суммасы - 12000 сом

Доо арызы

1999-жылдын 15-январында Чүй райондук даярдоо конторасы менен агрофирма келишим түзүп, анда даярдоо конторасына агрофирма 50 тонна помидор, 50 тонна алма даярдап бермекчи болгон. Даярдоо конторасынын өкүлү келип, даярдалган помидордон 30 тонна, алмадан 25 тонна алды. Калган помидор менен алманы кийинчирээк алууга убада берди. Бирок берген убадасын аткарбады.

Биздин бир нече жолу эскерткенибизге карабастан, даярдалган 20 тонна помидор, 25 тонна алма ушул жылдын 1-октябрына чейин агрофирманын кампасында сакталып турду. Агрофирма аталган жашылча, жемишти убагында сата албагандыктан, зыянга учурады.

Жоопкер тарабынан келишимдин бузулушуна байланыштуу агрофирма 12000 сом зыян тартты. Бул зыянды райондук даярдоо конторасы келишим боюнча төлөп берүүгө тийиш.

Ошондуктан райондук эл соту жоопкерден агрофирманын пайдасына 12000 сомду төлөп бериши жөнүндө чечим кабыл алышын жана сот ишине кеткен чыгымды мамлекетке төлөөнү жоопкерге жүктөшүн сураймын.

Тиркемелер:
1.1999-жылдан 15-январында түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү - 3 бет;
2.Доо каттын көчүрмөсү - 2 бет;
3.Жоопкерге жиберилген доо материалдарынын көчүрмөлөрү - 6 бет;
4.Агрофирманын комиссиясынын 1999-жылдын 20-сентябрындагы актысы - 2 бет;
5.Агрофирманын эсеп-кысап бөлүмүнүп келтирилген зыян жөнүндөгү маалыматы -1 бет;
6.20 тонна помидордун, 25 тонна алманын базарда арзан баада сатылгандыгы тууралуу дүмүрчөктүн көчүрмөсү - 1 бет;
7.Жоопкерге доо коюлган арыздын көчүрмөсү - 2 бет;
8.50 сом 25 тыйындык мамлекеттик бажы маркасы.
9.Башкы эсепчи А. Мырзабаевге сотто доогердин атынан иш алып баруу үчүн берилген ишеним кат - 1 бет;

Агрофирманын төрагасы(колу)К. Бакиров

Кошумча эмгек акысын алуу арызы
Кошумча маяна алуу арызы деп дагы айтышат, мындай арызды жарандар, юридикалык жактар да жазат. Көбүн эсе эл сотуна берилет. Жеке кишилердин (физикалык жактар) арызы турак-жай, мал-жан бөлүү, баласын алуу, алимент болдуруу, кошумча эмгек маяна өндүрүү, үйдөн чыгаруу, карыз ондуруп алуу ж.б.жөнүндө болушу мүмкүн. Төмөндө кошумча эмгек маяна алуу жөнүндөгү арыздын үлгүсүн келтиребиз:

Доогер:Бишкек шаарынын сотуна
Бишкек шаарынын
И. Ахунбаев көчөсүндөгү
126-үйдүн тургуну
Шарапат Шашообекова
Жоопкер: Бишкек шаарындагы
бут кийим фабрикасы
деректир С. Жолчубаев

Доо арыз

Мен, Шарапат Шайлообекова, бут кийим фабрикасынын деректири С. Жолчубаевдин көрсөтмөсү боюнча 1999-жылдын август-сентябрь айларында ишемби, жекшемби күндөрү фабрикада иштедим.

Иш күнүнөн ашыкча иштегендигиме байланыштуу менин айлыгыма кошумча айлык берүүгө тийиш болучу. Бирок фабриканын директири кошумча айлык бердирбей койду. Ошол кошумча айлык акымды өндүрүп берүүнү сураймын.

Тиркемелер:
1.Нормадан ашыкча иштөө жөнүндөгү фабриканын кесиптик бирлигинин чечими - 2 бет;
2.Нормадан ашыкча иштегендиги жөнүндө цех башчысы тарабынан берилген маалымкат -1 бет.

00.12.25(колу)Ш. Шайлообекова

Эсептешүү арызы
Адатта, мындай арыз жасалган эмгекке жараша же оозеки келишимдин негизинде маяна акы төлөп берүү тууралуу жазылат.

Жасалган ишти мекеме-уюм түзүлгөн коммисия карап чыгып, иштин бутушу, сапаты тууралуу көрсөтмө берилет. Эсеп-кысап бөлүмү (бугалтерия) комиссиянын актысында көрсөтүлгөн эмгек маянасын төлөнуп бериши зарыл.

Эсептешүү арызы эркин тузулот, жана томонкулор корсотулот:

  1. Арыз жазылган мекеме-уюмдун аты, башчынын кызматы, аты-жөнү;
  2. Арыз тузуучунун реквизиттери (адреси, озун аныктоочу документ номери, ким тарабынан, качан берилген, аты, атасынын аты, фамилиясы, туулган жылы);
  3. Документтин же иш кагаздын аталышы (Эсептешүү арызы);
  4. Документтин тексти;
  5. Арыз берилген дата, колу, арыз жазуучунун аты-жөнү.

Эсептешүү арызы томонкудой:

Талас районундагы
Чалдывар орто мектебинин деректири
Ж. А. Жолдошбековго
Талас районундагы
Миң-Булак кыштагынын тургуну,
Талас райондук
ички иштер бөлүмү тарабынан
1980-жылдын 10-майында берилген
ХУ-АС сериялуу,
283268 номурлуу паспорт ээси
Назар Алыбек уулу Бекбоевден

Арыз

2000-жылдын 20-майындагы түзүлгөн келишим боюнча мектептин 50 партасын, 18 доскасын, терезенин 18 алкагын, 14 эшигин ремонттодум. Бул бүткөргөн ишим үчүн мага 1000 (миц) сом эмгек акымды төлөп беришиңизди сураймын.

12.12.12(колу)Н. А. Бекбоев

Достор, "арыз кантип жазылат" аттуу макалабызда арыз жазуу эрежеси, арыз жазуунун жолдору, улгулорун көрсөттүк, жакса же суроолор болсо пикирлерди жазып койгула, социалдык тармактардын баскычтарын басып койгула.

Макала "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү" китебинен оцифровкаланды. Дайындаган: Акылбеков З., Деркамбаева Т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)