Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Арстан жана текечер

Качан Арстан жана Текечер биримдиги жаралганда, бул алардын досторун да, жакын бир туугандарын да таң калтырат. Анткени бул абдан сейрек жана кызыктуу түгөй. Кандайча импульсивдүү жана өзгөчө болгон Арстандар консервативдүү Текечер менен кызыгат? Негизи, Арстандар зодиак белгисинин борбордук белгиси болуп, өзүн көңүл чордонунда сезип, адамдарды өзүнө болгон мамилесине жараша баалабайт. Булар дайыма өзүнө көңүл бурууну жана өзүнүн бийиктигин тастыктап турууну талап кылып, баш ийүүнү кутот. Ал эми текечер болсо өз сезимдерин көрсөтүүдө сырдуу келип, тынч жана байкалбаган адам десек болот.



Бирок башкалардын байкоосуна карабастан, Арстан менен Текечердин ортосунда көп жалпылыктар бар.



Текечерлер нике аркылуу социалдык жактан көтөрүлүүгө аракет кылып, буларды бийлик, даңк жана ийгилик өзүнө тартат. Булар айланасындагы адамдар суктануучу баалуулуктарга ээ болуп, эбегейсиз зор кумарга батат. Жана бул турак-жайбы, автомашинабы же үй-бүлөөлүк түгөйүбү бул алар үчүн маанилүү эмес. Анткени Текечерлердин сокур сезими, алардын зээриктирме жашоосуна кичине болсо да эмоционалдуулукту жана ар турдуулукту алып келүүчү күчтүү инсандарга тартат. Ал эми Арстандар болсо алардын ийгиликтери менен суктанып туруучу жана сыйлоочу жолдошко муктаж. Анткени Текечерлердей жолдош, эч качан коомдо жаман адаты менен, жана тарбиянын жетишсиздиги менен Арстандарды уят кылбайт. Ошондой эле Текечерлер Арстандардын кандайдыр бир театралдуу жана текебердүү болуусуна тынч жана чыдамдуу мамиле жасайт. Арстандар өзүнүн Текечери менен жашоодо бийик абалды ээлеп турганда абдан сыймыктанууда болот, ал эми Текечерлер аларды баалап-барктаганы үчүн чыныгы бактылуу болот.



Текечерлер чыныгы эмгекчил адам болгондуктан, Арстандар өзүнө кичине жалкоо болууга уруксат берет. Анткени, Арстандарга өзүнө жана өзүнө гана убакыт бөлүү зарыл болот. Иштерман Текечерлер деле, Арстандарды камсыздандыруу үчүн кандайдыр бир жетишкендин деңгээлинде, ал гана эмес жыргалдыктын деңгээлинде акча таба алат.



Текечерлердин кызмат мүнөзү Арстандарга кырдаалды реалдуу баамдоого жардам берип, туура багытты көрсөтөт. Булардын биргелешкен иш-аракеттери атак-даңкка жана талашсыз ийгиликке алып келет. Дал ушул өз ара атак-даңктын бийиктиктерине умтулуулар аркылуу Текечерлердин жана Арстандардын биримдиги жана достугу негизделиши мүмкүн.



Бирок мындай биримдикте түйшүктөр да аз эмес. Арстандарга эркиндик керек, ошондуктан булар кээде өзүнүн үй-бүлөөлүк жоопкерчиликтерин жана берилген убадаларын унутуп коюшу мүмкүн. Ошондой эле Арстандар атак-даңкка жана ийгиликке жеке өзүнүн багыты менен умтулуп, мындай жолдо толскоолдуктарды жаратпоонуу талап кылат. Арстандарга жашоодо дайыма кандайдыр бир оюн керек болуп, Текечерлер тескерисинче абдан түз маанай келип, ар кандай оюндарга чыдабайт, сырдуу оюндарга ого бетер. Жана мындай учурда жападан жалгыз чечим бул - компромисс. Текечерлерге компромисске барып, Арстандарга кандайдыр бир эркиндикти берип, анын өзүнүн жеке наркы жана кадыры бар экенин моюнга алууга туура келет. Жана буга түнтүйүп гана макул болбостон, ак ниет менен ачык билдирүү зарыл.



Бул түгөйлөр күнүмдүк тиричилик үчүн эмес, жаркын коомдук жашоого жаралган. Жана амбициялар булар аркылуу биригиши мүмкүн, анткени буларга сейрек жана жаркын шериктештер керек. Сүйүү никеси мындай түгөйдө аз кездешет. Бирок шериктештик мамилелер эң сонун, эң мыкты болушу мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1498, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу