Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана арстан

Баш барак | Гороскоп | Арстан жана арстан

Бул түгөйлөр азырынча белгисиз болсо да, коомдук жайларда, шартка ылайык, баарыбир өзүлөрүнө, жаркын кийимдери жана өзгөчө манералары менен көп адамдардын көңүлүн тартат. Арстан-айымдар Арстан-мырзаларга карганда эрке мүнөздүү болот. Арстан-мырзанын мүнөзү кичине токтоо болот, анткени ачулануу бул хандын иши эмес...



Экөө тең эмгеги менен тапкандарын бир убакта коротконго ийимдүү, ошондуктан финансы жаатында буларда "кээде толтура, кээде жок тура". Эгер өзүлөрүнүн акчалары нанга жана көңүл ачууларга жетишпесе, Арстандар ыракаттануу менен досторуна конокко барышат, анткени бул түгөйдүн достору абдан көп.



Бирок мындай никелер сейрек кездешет, анткени Арстандар жанында конкуренттин болуусуна чыдабайт.



Биз эки Арстандарга биргелешкен иш табууну сунуштамакчыбыз, ошондо булардын алоолонгон от энергиясы бири-бирине эмес, бир максатка жетүүгө багытталмакчы. Эгер бул түгөйлөр күч-кубатын конкуренцияга сарптабаса, анда булар, жанындагы идеалдуу шериктешти табат, анткени булардын жашоого болгон көз карашы жана сүйүүсү куюп койгондой окшош болуп, бирдей баалуулуктарга ээ.



Арстандар бири-бирин душмандардан бекем жана ишенимдүү коргоп, кайталангыс берилгендикти жана ишенимдүүлүктү камсыз кылат. Бул экөөнүн ортосунда бекем достук үчүн бардык сапаттар бар. Бул мышыктар достук жана сүйүү үчүн оор сынактардан өтүүгө даяр.



Албетте, Арстан-мырзалар жана Арстан-айымдар башка, укмуштуу эмес сапаттарга да ээ. Кээде булар өзүнүн бой көтөрүүлөрү жана жалган кадыры менен аябай адам чыдагыс мүнөздө болушат. Арстандарда өзүнө болгон сабырдуулук жана токтоолук сейрек кездешет. Качан бул "Бектер" өзүн ылайыксыз алып жүрө баштаганда, Арстандын жылуулугу жана күндөй жаркындыгы, заматта мууздай муздак шектенүүгө алмашат.



Бул хан тукумунун адамдары өзүлөрүн айланасындагылардан бийик сезип, бири-бирин күнүмдүк чыныгы суктануу менен тамактандырып туруу зарыл экенин билишет. Арстандар башка Арстанды мактоо менен таарынтууга жол бербейт - чыныгы сыйлоонун жана суктануунун суррогаты.



Арстандарда чоң үй-бүлөө сейрек кездешет. Кээ бирөөлөрдүн такыр эле балдары болбойт, болсо да бирөө эле болушу мүмкүн. А бирок булар эң жакшы ата-энелер. Бирок булардын балдары калп мактоого бат үйрөнөт, ошондуктан тартип жана үй-бүлөөдөгү иерархия патриархат түрүндө болуусу зарыл (Чыныгы Арстандардын үй-бүлөөсүндөй). Качан ургаачы Арстан өзүн ылайыксыз алып жүрө баштаганда, прайдтын башчысы ага сезимталдуу жаака чабууну тартуулайт. Феминизм бул жерде жок... Өзүнүн мачосунун бийлигин толук кабыл алуу абзель. Жана ошондой эле Арстан-айым кичинекей мый-мыйларды да тарбиялашы зарыл.



Эки Арстандын үй-бүлөөлүк жашоосу күнүмдүк мамилелердин айкын кылуусуна айлануу жана үйдө ким кожоюн экенин териштирүүгө айлануу коркунучу бар. Акыр-аягы бул түгөйлөрдүн биринин көтөрүлүшү менен, же болбосо ажырашуу менен аяктайт. Мындай кырдаалда булардын балдары көп залакасын тартат, анткени эки тарап тең өз кызыкчылыгы үчүн балдарын колдонушу мүмкүн. Ал гана эмес, өз ара сексуалдык кызыгуулар да жардам бербейт, анткени булар төшөктү да согуш талаасына айландырат. Мындай күрөштүн жыйынтыгы өз ара кадыр-баркка терең жараланууларды калтыруу болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1054, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо