Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан айымдар

Баш барак | Гороскоп | Арстан айымдар

Ойлоп тапкыч жана акыл-эсинин эптүүлүгү бул айымдардын, айланасындагыларынын ардактуу жеринен орун алат. Булардын чыгармачылыгы, эр-жүрөктүгү жана тайманбастыгы, буларды эч качан белден ылдый соккус эрежелүү жана айкөл натурага айландырат.



Арстан-айымдар өзү "Чыныгы аялзаты" деп үмүттөнөт, жана буга толук укуктуу, анткени булар өзүнө эненин да, жакшы жардын да, кожойкенин да, мыкты курдаштын да сапаттарын камтыйт. Кабылданбай калуу же байкалбай калуу бул айымдар үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө тете. Буларды башка адамдар дайыма байкап, баш ийип жана суктанып турууну каалашат. Ак сөөк айымдарга окшошууга аракет кылып, булар көптөгөн каражаттарды кийимге жана өзүнүн жалпы сырткы тупатына коротушат. Салтанаттуулукка умтулуп, булар көп учурда, арзан буюмдарды колдонуп, сапаттуулук түшүнүгүн жасалмага алмаштырышат.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар, бүт жакта башкы ролду ойногонду жакшы көрүшөт, анын ичинде сүйүүдө да. Бирок, бул айымдар өз түгөйүнө хан тукумунун туруктуулугун көрсөтүп, баш ийип, өзүн пассивдүү алып жүрүшү мүмкүн. Же тескерисинче, эгер зарыл болсо, жапайы мышыкча тытмаланышы мүмкүн.



Көп учурда мындай айымдар материалдык жана моралдык жактан камкордугун көрсөтүүчү мырзаларды издешип, күйөөсү тарабынан кымбат белектер жана кымбат баалуу жасалгаларды берип туруу үчүн, социалдык жактан таасирлүү жана финансалык көз каранды эмес мырзага турмушка чыкканга аракеттенет. Көп учурда мындай айымдар өзгөчө үй-бүлөө формуласына умтулат: күйөөсү - финансы ханы, ал эми аялы - башынан бутуна чейин материалдык жыргалдыктар менен оролгон, үйдөгү башкаруучу ханыша. Арстан-айымдарды жөнөкөй жигитке турмушка чыгат дегенди элестетүү абдан кыйын. Бирок, бардык нерседе сызып салуулар да болот эмеспи.



Өзгөчө сексуалдык жагымдуулукка, көркөмдүккө, грацияга жана акыл-эске ээ болуп, Арстан-айымдар эч качан боз чычкан болбойт. Мындай айымдарды багынтуу абдан оор, бирок, эгер жүрөгүнөн түнөк тапкан болсоңор, анда бул айымдардын мырзалары автоматтык түрдө алардын көзүндө темир зооттуу жоокер жана баатыр болуп калат. Ал эми мындай айымдардын сыйлоосу жана көңүл буруусу бул - мындай мырзаларга чоң белек.



Эч качан Арстан-айымдардын кадыр-баркын төмөндөтүүгө же кандайдыр бир башкаруучулуктан ажыратууга аракет жасабоо зарыл. Антпесе, ал бул айымдардын ички "Мен" дегенинин жапайы ырылдаганына алып келиши мүмкүн, жана мындай кыжырлануу шторм сыяктуу үстүңөргө төгүлөт. Көп учурда булар Арстандык курч тырмактарын жана чыныгы ханышалык мүнөздөрүн көрсөтпөйт. Анын ордуна маңыроо козунун терисин жамынып, жайлуу үнү, эң жакшы манерасы жана жумшак көз карашы менен бул айымдар өз түгөйүнө назик жана жагымдуу болот. Бирок, анын тактасын кыймылдатып койдуңар дегенче, буларды жоош козу деп айтууга кыйын болот.



Арстан-айымдар сентименталдуу болуп, ширин мактоолорду, көркөм комплименттерди жана хандык суктанууларды баса калат. Өзүнүн лидерликке умтулуусуна карабастан, Арстан-айымдар өзүн назик аялзаты сезип, жөнөкөй мырзага эмес, чыныгы айкөл-мырзага муктаж.



Арстан-айымдар бирөөнү катуу сүйүп турса да, эч качан жеңил флирттен баш тартпайт. Мындай окуя булар үчүн алардын канчалык сулуу жана назик экендигин тастыктап, кол чабууларды алуу максатында жасалат, жана ушундай нерселерди анын сүйгөнүнө дайыма тастыктап туруу зарыл. Ал эми ишенимдүүлүк жагына кайрылсак, Арстан-айымдар өз түгөйү канчалык ишенимдүү болсо, ошончо деңгээлде ишенимдүү болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1994, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо