Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Арстан

Африка саваннасы түн жамынып, айлана караңгы. Эл мемиреп уйкуга кирген. Короодогу кой-эчкилер тынчып, байлоодогу аттар менен төөлөр үргүлөй баштаган кез. Капысынан эле күн күркүрөгөндөй катуу добуш чыгат. Уйкудагылар чочуп ойгонушуп, мал кым-куут түшөт. Алиги бардыгын титиреткен каардуу күркүрөк дагы кайталанат: бул жырткычтардын падышасы - арстандын аңчылыкка чыккандагы мезгили эле. Эл бекеринен аны ушинтип аташпаган. Күчү, сүрү, шамдагайлыгы, жүрөктүүлүгү жагынан арстанга эч жандык тең келе албайт.

Ал жашырынып, өз жемине уурданып кол салуу дегенди билбейт. Тескерисинче, мен жем издөөгө чыктым, сактангыла дегенсип көкүрөгүн кере жар сала күркүрөйт, Сактангыла, доңуздар жана чаар зебра, күлүк антилопа жана күчтүүсүнгөн буйвол! Бардыгыңар сак болгула! Керек болсо арстан айылга да кирип барып, үрөйү учкан адамдарды көзүнө илбей, алардын торпок-танасын көтөрүп кетиши да мүмкүн. Арстандар Африка саванналарына узак мезгил үстөмдүк кылган. Жергиликтүү калк ага аңчылыкка чанда гана чыккан. Бирок мылтыкчан адамдар келгени - арстандардын күчү да, шамдагайлыгы да, жүрөктүүлүгү да, жашырынуу ыкмасы да аларды коргоп кала албады.

Тез аранын ичинде эле алардын саны кескин азайып, дээрлик жок болуп кетүү коркунучу туулду. Азыр арстандар Борбордук Африканын айрым райондорунда жана коруктарда, ошондой эле бирин-серин Индияда гана бар. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Атайын уруксат менен зоопарктар үчүн гана кармоого болот. Арстандар капаска өтө тез көнөт, ушул шартта төлдөп көбөйө берет. Арстандын жаңыдан туулган мый-мыйларынын (адатта алар үчөө болот) салмагы өтө кичине, узундугу 30 смдей, темгил-темгил түстүү, бирок бара-бара бир түскө өтөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 802, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу