Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Армения

Эгерде силер Армениянын бир жеринде болуп, Арменияны көрдүк десеңер - жаңылышасыңар! Өчкөн жанар тоолору бар, күн чакыйып ачык тийип, асманы көпкөк, дээрлик бардык учурда булутсуз турган бул бийик тоолуу чакан өлкөдө, ар бир капчыгай менен өрөөндүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Армениянын табиятында мээлүүндүк менен катаалдык белгилери коюн-колтук алышкан. Бир жеринде шабдалы менен жүзүм эзиле бышып жатса, башка жерде бапылдата кар жаап турат. Мында аптаптуу жай менен кычыраган кыш катар жолугат десе да болот. Табияттын мындай ар түрдүүлүгү бирде тээ бийиктеп, бирде чукул эңиштеген тоо кыркаларына байланыштуу. Ал эми кыркалар арасындагы туңгуюктар - капчыгай түбүндө ала салып тоо өзөнү шаркырайт. Армения табияты бири биринен айырмаланган беш аймакка бөлүнөт. Алардын ичинен калк жыш отурукташканы - бүтүндөй бак-шакка жана жүзүмзарга бөлөнгөн күнөстүү Арарат өрөөнү. Бул өрөөндү аралап аккан Раздан дарыясынын боюн да Армениянын борбору - байыркы Ереван созулуп жатат.

Ал - республиканын өнөр жайы менен маданиятынын, илимий ой-пикиринин чордону. Анын тунук суусунда көгүлтүр форелдер көп. Севанга ондогон дарыя, өзөн куят да, бир гана шар аккан Раздан дарыясы агып чыгат. Раздандын суусу кургакчылык менен аптаптан кеберсиген айдоо аянттарын кандырып, 6 гидроэлектр станциясынын турбиналарын айлантат. Таштак талаалуу Ширак - Армениянын эгиндүү аймагы. Сөөлөттөнүп төрт өркөч чокулуу Арагац тоосу жатат. Анын капталдарындагы кооз шалбааларда көп сандаган бодо мал, кой, эчки жайылыл жүрөт. Ширактын чордону - өнөр жайлуу чоң шаар Гюмри. Климаты абдан жумшак, жылуу Гукарт аймагы өтө кооз.

Тоолордук токойлуу беттеринде жыты аңкыган лавр, бадам, анжыр, анар, курма, маслина жыш өсөт. Кенге бай Сюник-Зангезур жагында асман тиреген улуу тоолор заңкаят. Бул аймак түстүү металлдарга, алтын, темирге бай. Too боорлорундагы зор эмгек менен өздөштүрүлгөн аянттарда бак өстүрүлөт. Армениянын байыркы аты - Напри. Бул дарыя өлкөсү дегенди билдирет. Мында 200дөн ашык дарыя бар, алардын эң чоңу - Араке. Республикадагы Жермук жана Арзни курорттору минералдуу дары булактары менен даңкы чыккан, Арменияда суусу даамдуу, ары жагымдуу булактар өтө көп. Армениянын калкы - армяндар эң байыркы калктардын бири.

5-кылымдын башында эле алардын жазмасы болгон. Армян жеринде көптөгөн байыркы маданият эстеликтери: храмдар менен сепилдердин чалдыбарлары, кооз, кылдат оймо-чиймелүү таштар - хачкарлар, сейрек учуроочу байыркы кол жазма китептер сакталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1136, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо