Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аркар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аркар

Акшыйрак менен Сары-булактын аралыгындагы быткылдуу адырды Бешмойнок дешет. Анда эжигейдей сары бетеге калың өсөт. Тим эле аркар-кулжанын жайыты. Бул жерге 1960-жылдары геологдор жаңы көчүп келгенде аркар-кулжалар ар бир кокту-колоттон кезикчү. Көрсө жер ээн келип, эч ким чочутпагандыктан алар бул жерди мекендеп жүрүшкөн тура. Арадан бир топ жылдар өттү. Кен ачылып, адамдар отурукташа баштап, техника ишке киргизилди.

Баягы аркар-кулжалар жоголо баштады. Эми ошол жерлерден алардын аркайган мүйүздөрүн гана кезиктирүүгө болот. Тирүүлөрү болсо башка жакка ооп кетишкен. Аркар - сейрек учуроочу жаныбарлардын бири. Эркегин кулжа дейт. Аркар Кыргызстан, Казакстан, Памир, Алтай, Түштүк Сибирь бөксө тоолорун мекендейт. Европалыктар аркар жөнүндөгү маалыматты италиялык саякатчы жана жазуучу Марко Полонун 1298-жылы жарык көргөн китебинен улам билишкен.

Ошондон 19-кылымдын ортосуна чейин аркар-кулжаларды Европанын илимий китептеринде Марко Полонун кою - деп атап келишкен. Аркар-кой тукумунун бир түрү. Кулжасынын мүйүсү чыгырык келип башы чоң, салмагы 200 килограмга чейин жетет. Аркарынын мүйүзү кыска, ичке келет, жүнү тайкы, салмагы 90 килограмга чейин барат. Алар көбүнчө тоонун чөбүн салкында оттоп, күн ысыганда кумайлуу жайык беттерге жуушашат. Көрүү жана жыт алуу сезими күчтүү өнүккөн. Өтө сак, шырп эткен дабышты дароо сезишип, коркунучтан качып кутулат. Жазында аркар 1-2ден козу тууйт. Козусу бат төрөлөт да, энесинен калышпай чуркап кете берет.

20-30дан топ-топ болуп жайылат. Эти даамдуу, жегиликтүү келип, майы тоңбойт. Аркар-кулжага аңчылык кылуунун натыйжасында алардын тукуму кескин азайып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болгон. Ошондуктан аркар-кулжага анчылык кылуу ишине тыюу салынып, коргоого алынган. Алар Кыргызстандын Акшыйрак, Аксай, Сарыжаз, Талас ж. б. тоо кыркаларында кездешет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1726, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу