Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Архитектура деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Архитектура деген эмне

"Архитектура деген эмне", ал эмнени тушундурот? Келгиле билип алалы. Силер шаарларды кыдырып көрө турган болсоңор алардын көбүнөн көргөндүн көзүн талдырып, көңүлүн шүйшүнткөн байыркы сепилдер менен кремлдерди, ак сарайлар менен мечиттерди кийинки мезгилдерде эле курулган театр, китепкана жана башка имараттарды көрөсүңөр. Аларды музейден мыкты сүрөт же скульптура көргөн сыяктуу эле көңүл коюп, шашпай карап чыгарсыңар. Анткени мындай имараттар да сулуулукту боюна сиңирген асемдүү искусство чыгармалары болуп эсептелет. Искусствонун бул түрү архитектура деп аталат. Архитектура дегенде биз имараттар менен курулмаларды гана түшүнбөстөн, адамдар жашап, эмгектенүүсү үчүн зарыл болгон мейкин чөйрөнү жакшылап уюштура билүү өнөрүн да түшүнөбүз. Анын маңызы эмнеде? Силер жашаган шаардагы кичи-райондогу үйлөрдүн орду жакында эле бош жаткан же эски жаман үйлөр турган. Ал эми азыр карагылачы, бардыгы көркөмдөлүп, ойлонулуп жана адамдарга ыңгайлуу болгондой түзүлгөн. Имараттардын тегереги кенен, айланта бак-дарактар тигилген.

Үйлөрдү салганда терезеден күндүзү жарык мол тийип, абасы дайыма таза болуп туруусу эске алынган. Силер окуган мектеп, китепкана, дүкөн, кир жуучу жана кийим тазалоочу жайлар, чачтарач, бала бакча, спорт аянтчалары, парк да үйлөр менен аралаш жайгашкан. Ал эми арыраакта силердин ата-энелериңер эмгектенген ишканалар турат. Мына ушулардын баарын архитекторлор (грекче архитектор - башкы курулушчу деген сөз) ойлонуштуруп пландаштырат жана долбоорун чийип куруучуларга берет. Муруңку замандарда курулуп, бизге чейин жеткен кооз имарат-жайлар архитектура эстеликтери деп аталат. Ар бир доордун архитектура эстелиги бири биринен сырткы көрүнүшү, курулган материалы, салынуу ыгы боюнча айырмаланат.

Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө архитектура ар түрдүү. Анын себеби, баарынан мурда тигил же бул элдин коомдук өнүгүү деңгээлине, улуттук өзгөчөлүгүнө, турмуш-тиричилиги менен маданиятына, табияты менен климатына, ошондой эле курулуш материалынын түрүнө байланыштуу болгон. Ал эми архитектура жонундо тушунук неолит доорунда эле пайда болгон. Башкача айтканда биздин заманга чейин 4000жыл мурда. Ирландияда Дольмен Пулнаброн аттуу эң жөнөкөй архитектуралык курулма бар. Мына ошол курулма неолит дооруна таандык.

Архитектура тушунугу:
Архитектура - бул шаарларды жана имараттарды кандайдыр бир стильге келтирип, имараттарды куруу. Көптөгөн адамдар архитертор имараттарды курат деп ойлошот. Бирок ар бир архитертор өзүнүн имаратына өзгөчө, кайталангыс чыгармасын кошот.

Дагы бир түшүнүк, архитектура - бул адам баласынын жашоо чөйрөсүн моделдештирүү жана ал адамдын ошол чөйрөдөгү жүрүм-турумун проектилөө искусствосу. Бул иш мейкиндик жана форманы өзгөчө функционалдык жана көркөм уюштуруу менен, элементтердин пластикасы, түсү менен көркөм иштөө аркылуу жүрөт.

Архитектуранын заманбап түшүнүгү - имараттардын, курулмалардын жана алардын комплекстеринин дизайны, ошондой эле калк жашаган аймактарды пландоо жана кичи архитектуралык формаларды иштеп чыгуу (фонтандар, тосмолор, баарлашмалар ж.б.).

Архитектор бул - инжернер-куруучу эмес. Кыргызстанда төмөнкүдөй архитекторлордун адистиктери бар:

Архитектура кыргызча дайындаган Аскарбеков Ш.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-07-09, Көрүүлөр: 23100, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу