Арбуду Арли Арзасович

Арбуду Арли Арзасович (1917 – 1986) – жазуучу. 1917-жылы 20-январда Москва районундагы Александровка айылында туулган. 1939-жылы Алма-Атадагы педагогикалык окуу жайын, 1946–1949-жж. ушул эле шаардагы чет тилдер институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1939-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1940–1941-жж. Жамбул облусунун элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, элге билим берүүнүн Фрунзе облустук бөлүмүнүн инспектору, мугалим, мектептин директору, 1955-жылы Кыргызмамбастын дунган адабияты боюнча редактору, 1957-жылы «Шый-уеди Чи» дунган гезитинин редакциясында эмгектенген.

«Кыздын эңсөөсү» повести дунган тилинде 1958-жылы жарык көргөн. Ал тарабынан дунган тилине Л. Н. Толстойдун, А. П. Чеховдун, А. И. Куприндин жана бир катар кыргыз жазуучуларынын чыгармалары которулган.

1962-жылдан СССРдин Журналисттер, 1967-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

«Эрдик үчүн», «Ленинградды коргогондугу үчүн», «1941–1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «1941–1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 30 жылдыгы» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамоталары менен сыйланган.

Мечты девушки: Повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 92 с.

Сердце женщины: Повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 164 с.

Родные по крови: Повесть – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 148 с.

Добрая душа: Рассказы, повести. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 150 с.

Парень из рода Ма. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 127 с.

Повесть о Ло Мафу. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 118 с.

Сердце, отданное одному: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 264 с.

Мостик из одного шеста: Повести и рассказы.– Ф.: Кыргызстан, 1985. – 248 с.

Любовь дороже всего: Повесть. – Б.: Адабият, 1991. – 232 с.

Горький М. Макар Чудра: Рассказ. – Ф.: Киргизгосиздат, 1957. – 28 с.

Братья Лю: Рассказ. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 63 с.

Кононов А. Рассказы о Ленине. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 52 с.

Куприн И. Олеся: Рассказ. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 90 с.

Ла о Шэ. Серп луны: Рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 56 с.

Сыдыкбеков Т. Шестеро из Ала-тау: Повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 90 с.

Веретенников Н. Володя Ульянов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 60 с.

Кононов А. Рассказы о Чапаеве. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 58 с.

Ду Синь. Рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 66 с.

Айтматов Ч. Джамиля: Повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)