Арапов Байыш

Арапов Байыш (1942-жылы туулган, Ош облусу, Баткен району, Самарканд айылы) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). 1964-жылы ОМПИни, 1967-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык жана колдонмо илимдер боюнча илим-изилдөө институтунун директору, проректор. 2001-жылдан ОшМУда илимий иштер жана билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы боюнча адис. 110дон ашык эмгеги, анын ичинен 1 монографиясы жарык көргөн. Эмгеги: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавторстве). Б., 1999.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)