Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Апендинин тиштери

Апенди тиши ооруп, тиш жулгуч табыпка барат да: - Тишимди жулуп ташта! - дейт. - Эки дилде төлө, - дейт табып. - Чокуң! Бир тишке бир дилде эле төлөйм - деп, Апенди көшөрө баштайт. Табып да айтканынан кайтпайт. Апенди тиши ооруп, чыдатпаган соң, эки дилде берүүгө аргасыз болот да, оозун ачып, табыпка соо тишин көрсөтөт. Табып аны жулуп алат. Анда Апенди ага: - Жаңылыш көрсөтүпмүн - деп, ооруган тишин тосот.

Табып ал тишин да жулуп ыргытат. Ошондо Апенди: - И, кантесиң. Бир тишке эки дилде доолап, мени алдагың бар эле, өзүңдү сызга отургуздумбу! Бир тишке бирден гана дилде алдың, - дептир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)